Киргизилген мамлекеттик жөнгө салуунун алкагында көмүргө максималдуу баа үч жумушчу күндүн ичинде белгиленет. Бул тууралуу 5-ноябрда Монополияга каршы мамлекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, аталган кызматтын директору Кеңешбай Тайлаков аймактык бөлүмдөр тарабынан үч жумушчу күндүн ичинде республиканын облустарынын жана Бишкек жана Ош шаарларынын шартында көмүрдүн баасынын максималдуу деңгээлин белгилөө тууралуу буйрук чыгарды.
Көмүрдүн баасы 1 кг жана 1 тоннага коюлат.
«Кызматтын аймактагы бөлүмдөрү бааларды белгилөө боюнча алдын ала иштерин баштап, көмүрдүн баасына мониторинг жүргүзө башташты. Мониторингдин жүрүшүндө баалар гана белгиленбестен, көмүрдү казууга да, сатууга да байланышкан чыгымдарды, анын ичинде республиканын бардык аймактарына жеткирүүгө кеткен чыгымдар анализденет», — деп билдирди Монополияга каршы мамлекеттик агенттик.
Агенттик учурда Бишкекте «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын отун базасында жергиликтүү көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон, ал эми айланма жолдун боюнда, Алыкулов жана Достоевский көчөлөрүндө (Кара-Жыгач конушунда) жергиликтүү көмүрдүн тоннасы да 4000 сомдон сатылып жатканын кошумчалады.
Көмүрдүн баасы Ош менен Бишкекте канчадан? – 1800 сомдук айырма бар
Буга чейин аталган кызматтын берген маалыматына таянсак, Оштун өзүндө “БК” маркасындагы көмүрдүн 1 тоннасы – 5400 сомдон 6200 сомго чейин калкка сатылып жаткан.
“Бүгүнкү күндө Ош облусунун аймагында жеке ишкерлер тарабынан “БК” маркасындагы көмүрдүн баасы 1 тоннасы 6000 сомдон 7000 сомго чейин сатылууда”, – дейт аталган орган.
Чүй облусунун аймагындагы көмүрдүн баасына жана запастарына мониторинг жүргүзүлгөн.
“Жыйынтыгында, Токмок шаарындагы Кара-Кече кенинин көмүрү тоннасына 4600-4700 сомго сатылгандыгы аныкталган. Кара-Балта шаарында сатып алуучулар тоннасына 4700 сомдон 5000 сомго чейин беришет, ал эми бир кап көмүр 230-250 сом турат.
Чүй облусунун отун базаларындагы Шабыркүл жана Кара-Жыра
кендеринин көмүрүнүн чекене баасы тоннасына 5000 сомду түзөт”, – дейт Монополияга каршы кызмат.
Ал эми Бишкектеги отун базаларына жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында, Кара-Кеченин көмүрүнүн тоннасы 4800 сомдон сатылып жатканы аныкталган.