Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 4-ноябрда ушул сааттарда «Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жана «Мекенчил» депутаттык тобунун кошмо жыйынында быйылкы тогуз айын жыйынтыгы жана кийинки үч жылга карата республикалык бюджеттин күтүлгөн пландары тууралуу маалымат берүүдө.
Анын айтымында, 2023-жылы консолидацияланган бюджеттин ресурстары 503.4 млрд сомго пландалууда.
«2021-жылы бир жылда 313 млрд сомго чыгардык, 65 млрд сомго көбүрөөк болду. 2020-жылды 2010-жыл менен салыштыра турган болсок, он жылда 96 млрд сомдон, 248 млрд сомго араң көтөргөнбүз.
2022-жылы 404 млрд сомго чыгарабыз деп турабыз, же 2021-жылга салыштырганда 91 млрд сомго өсүш көбүрөөк болот. Өткөн жылы өсүү темпи 126%ды түзгөн, 2022-жылы болсо, 129%ды түздү», — деди ал.
Ошондой эле Жапаров 2023-жылы 99 млрд сомго өсүү болорун же өсүү темпи 124%ды түзөрүн күтүп жатканын белгиледи.
«Пландалган 400 млрд сомго жетиш үчүн, күнүнө майрамга карабай, 1.1 млрд сомду таап, аны экономикага киргизип турушубуз керек. Ал эми 500 млрд сомду мойнубузга алганда, күнүнө 1.3-1.5 млрд сом табышыбыз керек.
Тогуз айдын жыйынтыгы боюнча, консолидацияланган бюджеттин ресурстары 306.3 млрд сомду түздү, жылдын аягына чейин 404 млрд сомго жетебиз деп турабыз», — деди минкабдын төрагасы.