Микро-, кичи жана чакан бизнестерге пайызсыз кредиттер берилет — жол-жобосу

Микро-, кичи жана чакан бизнестерге пайызсыз кредиттер берилет — жол-жобосу

Финансы Министрлиги «Чакан жана орто ишканаларды өзгөчө колдоо» деген долбоордун алкагында, ишкерлерге пайызсыз финансылык жардам көрсөтүүнү улантып жатканын билдирди.

Быйыл Дүйнөлүк банк менен сүйлөшүүлөрдөн кийин КР менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы «Микро-, кичи жана орто ишканаларга пайызсыз ыкчам колдоо» долбоорун каржылоо максатында 50 млн доллар өлчөмүндө келишимге кол коюлган.

Финансы министрлиги ишкерлерди мотивациялоо үчүн ылайыктуу чыгашалардын тизмеси кеңейтилгенин, кайтарылуучу финансылык жардамдын өлчөмдөрү жана шарттары көбөйтүлгөнүн кабарлады.

«Урматтуу ишкерлер, аталган кредиттер — айыл чарба, дыйканчылык, мал багуу жана балык уулоо менен алектенгендерге каралган эмес. Аталган ишкерликтерден тышкары, бардык бизнести өнүктүрүүчү ишканаларга пайызсыз кредит берилет», — дейт министрлик.

Кредитти алуу жол-жобосу

Долбоорго катышуу үчүн талаптар:

  • КРнын салык мыйзамдарына ылайык, 6 айдан кем эмес иштеген, жылдык акча жүгүртүүсү 8 млн сом жана 30 млн сомдон ашпаган жеке ишкерлер алса болот.
  • Салыктарды жана камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөөдөн бошотуу же алар боюнча карыздын жоктугу, ошондой эле банкка кайрылуу датасына кредиттик бюронун маалыматын эске алуу керек.

Аталган кредитти алуу үчүн төмөндөгү өнөктөш банктарга кайрылуу керек:

  • «Айыл Банк»
  • «Керемет Банк»
  • «РСК Банк»
  • «Банк Азии»
  • «ФинансКредит Банк»
  • «КБ Кыргызстан»
  • «Капитал Банк Центральной Азии»
  • «Халык Банк Кыргызстан»
  • «Дос-Кредобанк»
  • «Кыргызкоммерцбанк»
  • «Бакай Банк»
  • «Кыргыз-Швейцар Банкы»

Байланышуу: Телефон: (312) 66-60-01, E-mail: office@piu.kg, a.akmatov@piu.kg.

Категориялар боюнча максималдуу суммалар 1 млн сом жана 3 млн сом чегинде 36 айга чейинки мөөнөткө аныкталат.

Учурда 1 млрд сомдон ашык каражат которулуп, 3 миңге жакын ишкер жалпысынан 900 млн сомдон ашык каржы алышкан.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери