Бүгүн, 4-ноябрда КРнын ички иштер органдарынын ыкчам-кызматтык ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы боюнча коллегия өттү. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Министрликтин бүгүнкү өтүп жаткан коллегиясында 2022-жылдын 9 ай аралыгында республика боюнча 36 миң 696 кылмыш иши козголгону тууралуу маалымат айтылды. Бул ар бир айда эле өлкөдө 4077 кылмыш иши козголот дегенди билдирет.
«Алардын ичинде 34 миң 226 кылмыш ички иштер органдарында козголгон, бул кылмыштардын жалпы санынын 93.3%ын түзөт. Быйыл козголуп, өндүрүштө болгон кылмыш иштеринин ичинен 18 миң 259 фактысынын, же 56%ынын бети ачылган. Сот органдарына 14 миң кылмыш иши жиберилди», — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле ИИМ отчетунда күнүмдүк жумушту санариптештирип, кылмыштуулукту, резонанс жараткан окуяларды жана одоно тартип бузууларды болтурбоо боюнча коомдук жайларга, көчөлөргө, кооптуу деп эсептелген аймактарга 2 миңден ашык видео-камераларды орнотушканын айтат.
«Видео-камераларга күнү-түнү мониторинг иштерин жүргүзүү үчүн, Коомдук коопсуздук кызматына “Координация борборун” түзүп, ишке ашырдык.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында, 9 ай аралыгында жалпы кылмыштуулук 48%га азайып, оор жана өзгөчө оор кылмыштар 12%га, алдамчылыктар 23%га, коомдук жайда жасалган кылмыштар 18%га төмөндөгөн. Жол кырсыктары 8%га азайып, каза болгондор 21%, жаракат алгандар 5%га төмөндөгөн. Мониторинг ишинин жардамы менен жалпы 2 миңден ашык кылмыштарды болтурбай, алдын алууга үлгүрдүк», — дейт ИИМдин өкүлү.