2021-жылы КРнын Армения менен соода жүгүртүүсү 3.462 млн долларды түздү. Бул тууралуу Экономика министрлиги билдирди.
2020-жылга салыштырмалуу товар жүгүртүү 34.6%га азайган, анын ичинде импорт — 3.358 млн долларга же болбосо, 30%га кыскарган. Ошондой эле экспорт — 0.104 млн долларды түзүп, ал дагы 5 эсеге азайган.
Ал эми 2022-жылдын январь-август айларында болсо, КРнын Армения менен соода жүгүртүүсү 3.79 млн долларды түздү.
«2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2 эсеге, анын ичинде импорт — 3.65 млн долларга өскөн жана экспорт дээрлик 2 эсеге көбөйүп, 0.14 млн долларды түздү. Төө буурчакты жеткирүүнүн эсебинен экспорт көбөйдү«, — деп билдирди аталган министрлик.