Кыргызстанда доллардын рыноктук курсу август айынан бери биринчи жолу 83.5-85.5 сомго чейин көтөрүлдү (сатып алуу-сатуу).
Бүгүн, жума, 4-ноябрда саат 09:30га карата Моссоветтеги акча алмаштыруучу жайларда доллардын курсу 83.5 сомду (сатып алуу) жана 84.5 сомду (сатуу) түздү.
Белгилей кетчү нерсе, бардык эле акча алмаштыруу жайларында накталай доллар чыкпайт жана алмашуу курсу тигил же бул алмаштыруучу жайда америкалык валютанын болушуна жараша болууда.
Банктарда долларды сатып алуу курсу да жогорулап, 1 доллардын наркы 83.3-83.5 сомго чейин өзгөрүп жатат. Америка валютасынын банктарда сатуу курсу 1 доллар үчүн 84.3-83.5 сомдун чегинде болууда.
Улуттук банктын 4-ноябрга карата расмий курсу 83.7301 сомду түздү.