Кийинки жылы Кумтөрдөн 17.6 тонна алтын түшөт — бирок андан канча каражат бюджетке түшөрү белгисиз

Кийинки жылы Кумтөрдөн 17.6 тонна алтын түшөт — бирок андан канча каражат бюджетке түшөрү белгисиз

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Адылбек Касымалиев Кумтөрдөн 2023-жылы 17.6 тонна алтын чыгары күтүлүп жатканын, бирок салыктан тышкары, болжолдуу канча суммадагы каражат бюджетке түшөрү тууралуу депутаттын суроосуна так жооп берген жок.

«Ата-Журт Кыргызстан» парламенттик фракциясынын жана «Мекенчил» депутаттык тобунун кошмо жыйынында депутат Айбек Алтынбеков Кумтөрдөн чыккан алтынды сатуудан канча каражат түшөрүнө кызыкты.

«Алтындын өзү бюджетке түшпөйт, өкмөт, Улуттук банк канча алабыз дешсе алышат, калганы чет өлкөгө сатылат. Алтындын сатылган көлөмүнөн 13% алып жатабыз», — деди Касымалиев.

Депутат кийинки, 2024-25-жылдарда алтынды сатуудан түшкөн каражаттын канчасы бюджетке түшөт, 17 тонна алтындан канчасы бюджетке калат деген суроосу менен так жооп талап кылды.

«Салыктан сырткары Кумтөр дивиденд төлөйт, ал алтындын баасына жараша болот, 25%дан кем эмес болот. Акча «Кыргызалтын» аркылуу түшөт, кирешеси толугу менен Кыргызстанда калат, андан кийин биз акционерлер бюджетке канча алышты чечебиз«, — деди минкабдын өкүлү.

Так жооп ала албаган депутат Кумтөр Кыргызстандын менчигине өткөндөн кийин баары ачык-айкын болуш керек деген пикирин айтты.

«Президент «Кумтөр — элдики, андан түшкөн алтын Улуттук банкта турат» деди. Дивиденд катары 50%ы түшүш керек да. Элдин ишенип атканы — Кумтөр, салык иретинде эмес, киреше түрүндө келгени маанилүү», — деди Алтынбеков.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери