«Астыбыздагы эң кыйын реформа — Соцфондду пенсиялык фонд кылып өзүнчө бөлүү» — Акылбек Жапаров

«Астыбыздагы эң кыйын реформа — Соцфондду пенсиялык фонд кылып өзүнчө бөлүү» — Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин жетекчиси Акылбек Жапаров бүгүн, 4-ноябрда ушул сааттарда “Ата-Журт Кыргызстан” парламенттик фракциясынын жана “Мекенчил” депутаттык тобунун кошмо жыйынында пенсия жаатындагы жүргүзүлчү реформалар тууралуу минкабдын пландарын айтты.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө Соцфонддун өзүнүн кирешеси 54.9 млрд сомду түзсө, Соцфондго тапкан кирешесинен 75% көлөмүндөгү каражат же кошумча 41.3 млрд сом трансферт катары республикаттык бюджеттен берилет.

«Негизи эле биз пенсиялык фондду түзүп жатканда, ал бюджеттен кетет, ар бир киши өзүнүн пенсиясын өзү чогултат дегенбиз. Биз тилекке каршы, 20-30 жылдан бери реформа жасабай, пенсиялык фонд толугу менен бюджетке келип отуруп калды.

Астыбыздагы эң кыйын реформалар — Соцфондду пенсиялык фонд кылып өзүнчө жана социалдык төлөмдөрдү да өзүнчө бөлүү. Астыбызда тоскоолдуктардын баары турат. Жакында реформалар боюнча бир топ мыйзамдарды алып келип беребиз», — деди Жапаров.

Ошондой эле ал 1-сентябрга карата 733 миң 380 адам пенсия алып жатканын, быйыл пенсиянын базалык бөлүгү 1780 сомдон 3170 сомго көтөрүлгөнүн, камсыздандыруу бөлүгү 15%га өскөнүн кошумчалады.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Кыргызстандын калкынын саны 7 миллионго жетти, ал эми MBANK тиркемеси 3 миллион жолу жүктөлдү! 31 января 2023 г.    19:44
Кыргызстанда 1 млн жаш бала өтө жакырчылыкта жашайт 31 января 2023 г.    18:00
Тарыхый көрсөткүч: өткөн жылы КФБда 18.6 млрд сомдук бүтүм түзүлдү 31 января 2023 г.    17:30
БУУ Япония менен бирге Баткенде 25 миң адамга азык-түлүк берди 31 января 2023 г.    16:48
Ошто коррупцияны жоюу үчүн Калкты тейлөө борборлоруна 108 байкоо камералары орнотулат 31 января 2023 г.    16:30
Министрлер кабинетинин «Кумтөрдөгү» алтынды биринчилерден болуп сатып алууга артыкчылыктуу укугу бар 31 января 2023 г.    16:00
Швейцария өкмөтү КРнын энергетика тармагына 8 млн доллар грант берет — кол коюлду 31 января 2023 г.    15:18
Улуттук банк накталай доллардын жетишсиздигинин себебин айтып, бирок азыр эч кандай көйгөй жоктугун билдирди 31 января 2023 г.    14:40
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери