Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев расмий сапары менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу КР ТИМдин маалыматында айтылат.
Бүгүн, 3-ноябрда КР Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу боюнча Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Владимир Норов КРга расмий иш сапары менен келди.
«Жолугушууда Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин КРга боло турган мамлекеттик иш сапарын даярдоого чоң көңүл бурулду. Министрлер соода-экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууга басым жасоо менен иш сапардын мазмундуу бөлүгүн иштеп чыгууну активдештирүүнү макулдашышты», — деп айтылат билдирүүдө.
Эскерте кетсек, Норовдун КРга расмий иш сапарынын алкагында, КР менен Өзбекстандын ортосундагы кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасынын айрым участоктору жөнүндө келишимге кол коюлган.
“КРнын министрлер кабинети менен Өзбекстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө макулдашууга кол коюшту”, – деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Норовду КРнын президенти Садыр Жапаров да кабыл алган.