Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети кечээ, 31-октябрда Кемпир-Абад суу сактагычынын суусун биргелешип башкаруу тууралуу кыргыз-өзбек өкмөттөр аралык макулдашуусунун долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырып, колдоп беришти.
Добуш берүү учурунда депутаттар Адахан Мадумаров менен Чыңгыз Айдарбеков маселенин каралышына каршылык көрсөтүп, жыйындан чыгып кетишкен.
Комитеттин мүчөсү Адахан Мадумаров макулдашуунун долбоорунда Кыргызстанга Өзбекстан тараптан бир топ татаал шарттар коюлганын «Азаттыкка» билдирди:
«Биз сууну камсыз кылып беришибиз керек экен. Сууну тазалап да беришибиз керек экен. 900-горизонталдан ашпайт деп атышпайбы, жок, форс-мажордук кырдаалдарда андан ашып кетүү ыктымалдыгы да айтылып жатат», — деген ал.
Белгилей кетсек, долбоор комитетте жабык каралды. Документти комитеттин жыйынына Айыл чарба министрлиги алып келди. Долбоорду жабык кароого комитеттин он мүчөсүнүн үчөө — депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбеков жана Нуржигит Кадырбеков каршы болушту.
Кемпир-Абад суу сактагычын Өзбекстанга өткөрүп берүүгө каршы болгон жарандык активисттер менен саясатчылардын саны 26га жетти.
Эске салсак, 23-октябрдан бери 20дан ашык саясатчы жана активист укук коргоо органдары тарабынан камакка алынган. Алардын баары Кемпир-Абад суу сактагычынын астындагы 4485 гектар жерди Өзбекстанга өткөрүп берүү боюнча кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо боюнча келишимге каршы чыгышкан. Алардын көбүнө эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы киргизилген.