АӨБ Баткенге жардам берүү үчүн 3 млрд сом берет — ратификацияга чейин эле элге акча убада кылынган

АӨБ Баткенге жардам берүү үчүн 3 млрд сом берет — ратификацияга чейин эле элге акча убада кылынган

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) кыргыз-тажик куралдуу кагылышуудан кийин Баткен облусун калыбына келтирүү үчүн Кыргызстанга 50 млн доллар (Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча 4 млрд 150 млн сомго жакын) бөлөт.

Тиешелүү макулдашуу кечээ, 31-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин жыйынында каралды.

Финансы министринин орун басары Руслан Татиковдун айтымында, 25 млн доллар 1.5% үстөк менен 46 жылга берилген кредит түрүндө келет. Жеңилдетилген мөөнөтү — 8 жыл, чени — 1% жана 25 млн доллардын жарымы грант.

Татиков белгилегендей, бул каражаттын 3 млрд сому Баткен облусун калыбына келтирүүгө багытталат. Калган 1.3 млрд сом өлчөмүндөгү каражат Бала-Саруу ГЭСинин курулушуна бөлүнөт.

Бирок депутат Адахан Мадумаров бул келишим парламентте расмий ратификациялана электе эле, буга чейин Акылбек Жапаров Кыргызстанга 3 млрд сом бөлүнгөнүн айтканын белгиледи. Анын айтымында, бийлик тургундарга келе элек эле акчаны убада кылууда.

«3 млрд сомго жакын сөздөрдү Акылбек Жапаров айткан, эми бул билдирүүсү үчүн жоопкерчиликти депутаттарга оодарып койду. Ал эми депутаттар келишимди колдобой, карыз албайбыз деген принцибинде бекем турсачы?», — деди ал.

Белгилей кетсек, жыйынтыгында Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети ага карабастан бул кредиттик макулдашууну жактырды.


Ошондой эле Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) Украинадагы кырдаалга байланыштуу COVID-19 пандемиясынан кийин калктын аярлуу катмарына азык-түлүк коопсуздугун, социалдык коргоону жана жашоо каражаттарын колдоо үчүн 50 млн долларлык жардам берери тууралуу маалымат да аталган финансылык уюмдун сайтында айтылды.

АӨБнын Борбордук жана Батыш Азия боюнча башкы директору Евгений Жуковдун айтымында, бул программа өкмөткө инфляциянын терс таасирин азайтууга, баалардын туруктуулугун жана азык-түлүк коопсуздугун сактоого, калктын аялуу катмарынын арасында жакырчылыктын тереңдешине жол бербөөгө жардам берет.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери