ЕРӨБ берген 22 млн евродон 6 млн евро калды — эми ага мэрия таштанды иштеткен завод курууга тендер жарыялайт

ЕРӨБ берген 22 млн евродон 6 млн евро калды — эми ага мэрия таштанды иштеткен завод курууга тендер жарыялайт

Борбор калаанын мэри Бишкектин санитардык полигонуна көчмө жыйын өткөрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Азыр таштанды таштоочу жайда 11 млн метр куб таштанды бар жана ал дагы деле күйүп жатат.

Мэриянын билдиргенине караганда, ЕРӨБ тарабынан бөлүнгөн 22 млн евродон учурда 22 млн евродон 6.2 млн евро гана калды, ага гидроизоляция, метан соргуч түтүк алып жана таштандыларды чыгаруу керек.

Жакынкы арада мэрия таштандыларды кайра иштетүүчү завод куруу боюнча жаңы тендер жарыялайт.

Полигондун аймагы тосулуп, канча таштанды ташылып келгенин көзөмөлдөө үчүн видеокамералар да орнотулат. Андан кийин КРнын Илимдер академиясы менен биргеликте 40 гектар аянтта рекультивация жүргүзүлөт.

Белгилей кетсек, мэрия бир канча жолу таштанды иштетүүчү заводдун курулушун убадалап бирок аткарбай келат.


Эскерте кетсек, 2013-жылы Кыргызстандын өкмөтү менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы «Бишкек шаарындагы катуу таштандыларды башкаруу системасын жакшыртуу» долбоорун каржылоо үчүн кредиттик келишимге кол коюшкан. Долбоордун жалпы наркы 22 млн еврону түзүп, бул акчанын жарымы грант болсо, жарымы кредит түрүндө келген.

Бишкектин таштанды полигонун рекультивациялоо үчүн берилген 22 млн евронун 10.5 млн доллары сарпталган, бирок иш жүзүндө эч нерсе болгон эмес.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери