Экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барды — фактчек

Экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барды — фактчек

«ПолитКлиника» порталынын журналисттери экс-депутат Азамат Арапбаев ӨКМдин тик учагы менен Чаткалга тойго барганын аныктаган фактчек-макаласын жарыялады.

Ийгилик Тургуналиев аттуу Фейсбук колдонуучусу «МЧСке келген  вертолёт жеке кызматтарга (тойлорго) колдонулуп жатканы туура эмес го»  деген билдирүү калтырган. Андагы маалыматка караганда, бул тик учак менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев Чаткалга кайын атасынын тоюна барган. 

«ПолитКлиника» медиасы бул маалыматты текшерип көргөн жана аталган порталдын материалы төмөндө өзгөртүүсүз берилди.

Flightradar24 учактарды байкоо сервисинин маалыматына караганда, ӨКМдин борт номуру EX-88010 болгон тик учагы 16-октябрда Бишкектен саат 08:34тө чыгып, Чаткал районунун аймагына саат 10:44 чамаларында кирип бараткан. Андан кийин радар маалыматты көрсөтпөй калган. 

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 
ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Аталган тик учак кайра ошол эле күнү, саат 18:00 чамаларында Бишкекке келип конгон. 

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 
ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ушул жылдын 13-августунда атайын техникаларды алган. Алардын арасында бир Airbus H-125 үлгүсүндөгү тик учак бар, ага EX-88010 борт номуру ыйгарылган. Президент Садыр Жапаровдун айтымында, бул тик учак издөө, куткаруу жана байкоо иштерине мүмкүнчүлүк түзүп бермек. Демек, Flightradar24 көргөзүп жаткан тик учак ӨКМге тиешелүү экендиги анык. 

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Мамлекеттик сатып алуулар порталындагы маалыматка ылайык, бул тик учак «Еврокоптер Казахстан инжиниринг» компаниясынан 280 млн сомго сатылып алынган.

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Социалдык тармактагы комментарийлерде Азамат Арапбаев Чаткалга, кайын атасынын тоюна келгендиги айтылууда. Тойго барган коноктор социалдык тармактарда бөлүшкөн видеолордон Арапбаевди да көрүүгө болот.

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 
ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Азамат Арапбаев деген ким?

«Тазабек» маалымат порталы 2017-жылы Азамат Арапбаевди Кыргызстандын эң бай адамдарынын катарына киргизген. Ошондой эле ал Жогорку Кеңештин IV-VI чакырылыштарынын депутаты болгон. Буга чейин Азамат Арапбаев уулуна чоң той берип, коомчулуктун көңүлүн бурдурган эле. Ал тойго америкалык актер Стивен Сигал да келген. 

ӨКМдин тик учагы менен Азамат Арапбаев Чаткалга тойго барганы чындык 

Өзгөчө кырдаалдар министрлигине «Бул тик учак ижарага берилеби?» деген суроо менен кайрылганыбызда, бул боюнча саат 14:00дө боло турган министр Бообек Ажикеевдин маалымат жыйынында тактоого мүмкүн экенин билдирди. 

Жыйынтык: Өзгөчө кырдаалдар министрлигине берилген тик учак Чаткалга баргандыгы чындык. Бул тик учак менен Жогорку Кеңештин экс-депутаты Азамат Арапбаев барган. 

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери