Өткөн жылы КР менен Кореянын соода жүгүртүүсү 55 млн долларды түздү – импорт басымдуулук кылат

Өткөн жылы КР менен Кореянын соода жүгүртүүсү 55 млн долларды түздү – импорт басымдуулук кылат

2021-жылы КРнын Корея Республикасы менен соода жүгүртүүсү 55.3 млн долларды түздү жана бул 2020-жылга салыштырмалуу 13.8%га көбөйгөн. Бул тууралуу Экономика министрлигинин маалыматында айтылат.

Маалыматка таянсак, экспорт – 0.6 млн долларды (25%га азайган), импорт – 54.7 млн долларды (14.4%га өсүш) түзгөн.

2022-жылдын январь-июль айларында КРнын Корея менен соода жүгүртүүсү 65.2 млн долларды түздү. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1.9 эсеге көбөйгөн. Импорт – 64.7 млн доллар, экспорт – 0.5 млн долларды түзгөн.

Кореядан Кыргызстанга импорттун негизги үлүшүн жабдуулардын жана механикалык түзүлүштөрдүн ар кандай түрлөрү, транспорт каражаттары, фармацевтикалык буюмдар, парфюмерия, косметика жана самындар, жуучу каражаттар, текстиль, ар кандай тамак-аш азыктары түзгөн.

Кореяга Кыргызстандан аз көлөмдө кургатылган жана тоңдурулган жашылчалар, авиакеросин, табигый бал, чийки терилер, пластмасса жана резина иштетүүчү жабдуулар, компьютерлер, бут кийимдер жана башкалар экспорттолот.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты креддик адистерди аныктады 2 декабрда 2022 г.    17:07
ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы 2 декабрда 2022 г.    16:11
Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы – Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди 2 декабрда 2022 г.    15:37
Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти – эң көп пенсионерлер Ош облусунда 2 декабрда 2022 г.    15:13
Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу 2 декабрда 2022 г.    12:15
Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ 2 декабрда 2022 г.    11:13
Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт 2 декабрда 2022 г.    10:14
«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды 2 декабрда 2022 г.    9:36
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют