Үстүбүздөгү жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча салыктык түшүүлөр 104 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 57%га көп болду. Бирок олуттуу өсүш бажы төлөмдөрүнүн жана «Кумтөрдүн» эсебинен камсыздалган. Бул тууралуу кечээ, 4-октябрда «Салык реформасы жана анын КРдагы ишкердикти өнүктүрүүгө тийгизген таасири» деп аталган улуттук форумда Экономика министринин мурдагы орун басары Эльдар Абакиров билдирди.
Эксперттин айтымында, «Кумтөрдү» эсепке албаганда, салыктык түшүүлөр 2% гана өскөн. Эгерде өткөн жылдын отчеттук мезгилинде тоо кен ишканаларынан 3.2 млрд сом түшкөн болсо, быйыл бул сумма 20.2 миллиарддан ашкан. Ошондой эле импорттун эсебинен бажы төлөмдөрү 20 млрд сомдон 30.7 млрд сомго чейин өскөн.
«Бизнес ошол эле салыкты төлөп жатат. Биз ККМди, жаңы Салык кодексин киргизгенибиз менен, бул туруктуу иштеп жаткан бизнестен келген кирешенин көбөйүшүнө алып келген жок», — деди Абакиров.
Министрдин мурдагы орун басары мамлекеттик колдоо жеңилдетилген салыктардан жана инвестицияны коргоодон турушу керектигин баса белгиледи.