Импорт 69%га көбөйдү, экспорт 36%га кыскарды — Экономика министрлигинин жылдык отчету

Импорт 69%га көбөйдү, экспорт 36%га кыскарды — Экономика министрлигинин жылдык отчету

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев аталган министрликтин 2021-жылдын октябрынан 2022-жылдын октябрына чейинки мезгил ичиндеги ишинин олуттуу жыйынтыктары жөнүндө «КАБАР» агенттигинде өткөн брифингде айтып берди. 

Атап айтканда, ал министрлик тарабынан ушул мезгил ичинде жетишилген өлкөдөгү экономикалык активдүүлүктү калыбына келтирүү боюнча иш-чаралардын негизги жыйынтыктары тууралуу маалымат берди.

ИДП

Министрликтин берген маалыматына ылайык, 2021-жылы республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги натыйжасы ИДПнын өсүү темпинин оң көрсөткүчүнө жетишүү болду. Алдын ала эсептөөлөр боюнча ички дүң продукциянын көлөмү 723.1 млрд сомду түзүп, реалдуу өсүү темпи 103.6%ды түздү.

Бюджет

Алдын ала эсептөөлөр боюнча республикалык бюджеттин жалпы кирешелеринин жалпы көлөмү 187.4 млрд сомду түзгөн, 2020-жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу кирешелердин өсүшү 53 млрд сомду же 139.2%ды түздү.

Мамлекеттик банктар, кепилдик фонд

Чакан жана орто бизнестин кредиттеринин жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу үчүн «Айыл Банк» жана «РСК Банк» мамлекеттик катышуусу менен коммерциялык банктарды капиталдаштыруу кошумча 4 млрд сом болгон. Бул «Айыл Банктын» уставдык капиталын 5.5 млрд сомго жана «РСК Банктын» 5.4 млрд сомго чейин көбөйтүүгө мүмкүндүк берди. Кепилдик фондунун уставдык капиталы 6.6 млрд сомго чейин жеткирилген.

Бааны жөнгө салуу

Баалардын өсүү темптерин ооздуктоо максатында азык-түлүктүн 4 түрүнө: күн карама майына, 1-сорттогу унга, кумшекерге жана 1-сорттогу ундан консерваланган нанга бааны кармап туруу боюнча жеткирүүчүлөр менен соода түйүндөрүнүн ортосунда убактылуу келишим түзүлгөн.

Көмүрдүн баасын убактылуу жөнгө салуу киргизилди. Натыйжада, республика боюнча жергиликтүү көмүрдүн баасы орто эсеп менен тоннасына 431 сомго, ал эми импорттук көмүрдүн баасы 169 сомго арзандаган.

КРнын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги көрсөткүчтөрү:

Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала баалоосу боюнча 2022-жылдын январь-август айларында ИДПнын көлөмү 505.9 млрд сомду жана реалдуу өсүү темпи 108.0%ды (2021-жылдын январь-августунда) түздү. — 99.5% ), Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өсүү темпи 105.1%ды түзгөн (2021-жылдын январь-августунда — 103.3%).

2022-жылдын январь-август айларында өнөр жай ишканалары тарабынан 265.8 млрд сомдук продукция өндүрүлүп, 2021-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмү 18.2%га өскөн. Кумтөр кенин иштетүү боюнча ишканаларды эсепке албаганда өндүрүш 3.2%га өскөн.

Курулушта 2022-жылдын январь-август айларынын жыйынтыгы боюнча каржылоонун бардык булактарынан негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 64.8 млрд сомду түзүп, 0,9%га өскөн (2021-жылдын январь-августунда 9.5%га азайган).

Айыл чарбасында өндүрүлгөн продукциянын көлөмү 195 млрд сомду түзүп, реалдуу түрдө 8.5 %га өстү (2021-жылдын январь-августунда – 4.5%га төмөндөгөн).

2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу айыл чарбасынын дүң продукциясынын өсүшү негизинен өсүмдүк өстүрүүнүн 14.4%га өсүшү менен шартталган.

Тейлөө чөйрөсүндө: 2021-жылдын январь-августуна салыштырмалуу дүң жана чекене соода жүгүртүүнүн, автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоонун өсүшү дүң (9.9%га) жана чекене (3.2%га) сооданын көлөмүнүн өсүшү менен шартталган.

Тышкы жана өз ара сооданын жалпы көлөмү январь-июль айларында 6051.3 млн АКШ долларын түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 30.9%га өскөн, ал эми товарлардын импорту 69.9%га көбөйдү, экспорт 36.6%га кыскарган.

Ишкердик чөйрөнү, инвестициялык климатты жакшыртуу жана экономикалык абалды тез арада турукташтыруу үчүн:

  • 2019-жылдан баштап 2022-жылга чейин ишкердик субъекттерин текшерүүгө жана укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүлөргө убактылуу тыюу (мораторий) киргизилген
  • 2021-жылдын 25-ноябрында ишкерлерге (жеке жана юридикалык жактарга) мамлекеттик жана башка кызматтарды алууда сапаттуу жана өз убагында кызмат көрсөтүү максатында Бишкек шаарында Ишкерлерди тейлөө борбору ишке кирген
  • 2022-2026-жылдарга аялдардын ишкердигин колдоо жана өнүктүрүү программасы бекитилди. Бул Программанын алкагында ЕРӨБ Кыргызстанга келерки беш жылдын ичинде аялдар башкарган компанияларга насыя берүү үчүн 12 млн доллар берүүнү пландаштырган.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери