КРнын Финансы министрлиги Япония өкмөтү менен КР министрлер кабинетинин ортосундагы мамлекеттик тышкы 692 млн иен суммасындагы карызды тейлөөнү токтотуу жөнүндө макулдашууга кол койду. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Дүйнөлүк Банк жана Эл аралык Валюта Фонду G20 өлкөлөрүн Карызды тейлөөнү токтотуу демилгесин иштеп чыгууга чакырды. Бул түзүмдүн максаты — COVID-19га жооп катары каржылык жүктү азайтуу болуп саналат.
Белгилей кетсек, Япония өкмөтү түздөн-түз же эл аралык уюмдар аркылуу КРга пандемия менен күрөшүүдө жардам көрсөтүп келген.
DSSI өлкөлөргө ресурстарын пандемия менен күрөшүүгө жана миллиондогон эң аялуу адамдардын өмүрүн жана тиричилигин коргоого багыттоого жардам берет. Демилге 2020-жылдын 1-майынан тартып күчүнө киргенден бери 40тан ашуун өлкөгө 5 млрд доллардан ашык жардам берген.