Эмгек министрлиги жана Германиянын Федералдык ишке орноштуруу агенттиги кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашышты. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.
Аталган министрлик менен Германиянын ишке орноштуруу федералдык агенттиги ГФРДА кыргызстандыктарды мыйзамдуу ишке орноштуруу жаатында өз ара аракеттенүү меморандумуна кол коюшту.
«Меморандум тышкы эмгек рыногун диверсификациялоого мүмкүндүк берет, миграция чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү кеңейтет жана бекемдейт», — деп айтылат ведомствонун маалыматында.
Эмгек министрлиги белгилегендей, тышкы эмгек миграциясы чөйрөсүндө өз ара маалымат алмашуу үчүн КРнын министрлер кабинети менен Германиянын федералдык өкмөтүнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн жаңы горизонттору түзүлөт.
Германиянын ишке орноштуруу Федералдык агенттигинин делегациясы билим берүү жана илим министрлигинин, Соода-өнөр жай палатасынын, Кыргыз-Герман техникалык институтунун, кыргыз-герман колдонмо информатика институтунун өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшү күтүлүүдө.
Бирок министрлик кыргызстандыктарга болжол менен канча квота берилери тууралуу маалымат берген жок.
Эскерте кетсек, жакынкы арада Россиядагы кыргызстандык мигранттар мекенине кайтышы мүмкүн. Анткени Россиянын президенти Владимир Путин РФда жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, мобилизациялоо иштери 21-сентябрда башталат. Мигранттардын укугун коргогон активист Валентина Чупик россиялык паспорту бар мигранттарга Россиядан чыгып кеткиле деген кеңешин берген.
Кайрылууда ал мигранттар «өз ыктыяры менен аскердик кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болорун айтты. Мигранттардын мекенине кайтышы ансыз да жумушсуздук күчөгөн Кыргызстандын эмгек рыногунда атаандаштыкты жаратышы мүмкүн.