Бизнес чөйрөсү накталай эмес сатуудагы салыктын нөлдүк ставкасын узартууну суранууда — ЭИК

Бизнес чөйрөсү накталай эмес сатуудагы салыктын нөлдүк ставкасын узартууну суранууда — ЭИК

Накталай эмес төлөмдөрдү стимулдаштыруу жана формалдуу эмес экономиканын деңгээлин төмөндөтүү үчүн накталай эмес төлөмдөр боюнча сатуудан алынуучу салыктын нөлдүк ставкасын узартуу зарыл, анткени ал 2023-жылдан тартып күчүн жоготот. Бул тууралуу Эл аралык ишкерлер кеңешинин (ЭИК) жетекчиси Аскар Сыдыков инвестициялык кеңештин жыйынында билдирди.

Мындан тышкары, Аскар Сыдыков Салык кодексине өзгөртүү киргизүүдө аны ачык кароого чакырды. Ошондой эле ал премьер-министрдин катышуусунда өзүнчө жыйын өткөрүп, бизнес-өкүлдөрүнүн сунуштарын талкуулап, мүмкүн болушунча аларды эске алууну сунуштады.

ЭИК ошондой эле жылына бир жолу гана Салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча чектөөлөрдү алып салуу керектигин белгиледи.

«Бизнес Салык кодексиндеги көйгөйлүү маселелер чечилмейинче айлап же жылдап күтө албайт. Мисалы, коомдук тамактануу жана туризм салыктын кыскарышын көп айдан бери күтүп келе жатат. Зарылчылыкка жараша Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилиши керек», — дейт Сыдыков.

Ошондой эле жыйында чет өлкөдөн сатылып алынган кызмат көрсөтүүлөргө кошумча нарк салыгы (КНС), суусундуктарга коюлган акциздик салык маселеси козголду. Ишкерлер бул акциздик салык азыркыдай бардык сергитүүчү жана алкоголсуз суусундуктарга эмес, энергетикалык суусундуктарга гана салынышы керек деп эсептешет. Болбосо, мындай суусундуктарды өндүрүүчүлөрдүн укуктары бузулуп, андан аркы өндүрүшкө көп миллиондогон инвестиция салууга коркунуч келиши мүмкүн.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери