Аскердик кызматка келишим түзүүгө мажбур кылышат — Валентина Чупик мигранттарды тезинен Россиядан чыгып кетүүгө үндөдү

Аскердик кызматка келишим түзүүгө мажбур кылышат — Валентина Чупик мигранттарды тезинен Россиядан чыгып кетүүгө үндөдү

Мобилизация жарыялангандан кийин россиялык паспорту бар мигранттарга Россиядан чыгып кеткиле деген кеңеш берилди. Кайрылууну мигранттардын укугун коргогон активист Валентина Чупик жарыялады.

Кайрылууда ал мигранттар «өз ыктыяры менен аскердик кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болорун белгилеп айтты.

«Биринчиден, алар «өз ыктыяры менен аскер кызмат өтөө» боюнча келишим түзүүгө аргасыз болушат. Экинчиден, согушка жараксыздар армиянын муктаждыктары үчүн бекер же жашоого жетишсиз айлыкка иштөөгө мажбур болушу мүмкүн», — деп жазган активист.

Ошондой эле Чупик мигранттар же өлүмгө түртүлөрүн, же кулга айланарын жана эртең кеч болуп калышын эскертти.


Эскерте кетсек, 2022-жылдын 20-сентябрында Мамлекеттик Дума Россиянын Кылмыш-жаза кодексине түзөтүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алган. Алардын арасында «Өз ыктыяры менен колго түшүп берүү» (352.1-берене, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу) жана «Каракчылык» (356.1-берене, 15 жылга чейин) статьялары бар. Ошондой эле аскердик жыйынга келбегендиги же аскерден качкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартуу камтылган.

Эртеси күнү эле Россиянын президенти Владимир Путин РФда жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, мобилизациялоо иштери 21-сентябрда башталат жана аскердик кызматка биринчи кезекте запастагы, куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар алынат.

Андан тышкары, Москвадагы «Сахарово» миграциялык борбору Россиянын армиясын мигранттар менен толуктамакчы. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин билдирди.

Кыргызстандын Россиядагы Элчилиги буга чейин Кыргызстандын жарандарына чет мамлекеттердин аймагында куралдуу кагылышууларга катышкандыгы үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралгандыгын эскерткен. Эгерде Кыргызстан жарандарына согуштук аракеттерге катышуу боюнча чакыруу түшсө, элчилик аларды дароо Кыргызстандын Россиядагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнө кайрылууга чакырды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери