Россия калкты мобилизациялоо жана чет элдиктерди армияга тартуу үчүн мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди – бул кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этет?

Россия калкты мобилизациялоо жана чет элдиктерди армияга тартуу үчүн мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизди – бул кыргызстандык мигранттарга кандай таасир этет?

Мамлекеттик Дума экинчи жана үчүнчү окууда Россиянын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү кабыл алды, анда мобилизациядан качкандар кылмыш жоопкерчилигине тартылышат. Андыктан Кыргызстандан барган эмгек мигранттары мындай өзгөрүүлөргө тыкыр көз салып турушу керек. Мындай пикирин Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Депутат Россияда орус паспортун алган кыргызстандыктардын саны арбын экенин белгиледи. Ал эми Россиянын мыйзамдарындагы акыркы өзгөртүүлөр аскер кызматына милдеттүү жарандарга мобилизациядан качууга жол бербейт.

Эскерте кетсек, Россиянын президенти Владимир Путин РФда жарым-жартылай мобилизациялоо жөнүндө жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, мобилизациялоо иштери 21-сентябрда башталат жана аскердик кызматка биринчи кезекте запастагы, куралдуу күчтөрдө кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы бар жарандар алынат.


Москвадагы “Сахарово” миграциялык борбору РФнын Куралдуу күчтөрүндө контракт боюнча аскер кызматын өтөөгө орус жарандыгын алууну каалаган мигранттарды ишке тарта баштайт. Бул тууралуу Москванын мэри Сергей Собянин билдирди.

Ошондой эле Собянин “Сахарово” миграциялык борбору орус армиясынын катарын чет элдиктер менен толуктоого жардам берерин билдирди. Ал Мамлекеттик Дума Россиянын жарандыгын алууну жөнөкөйлөтүү боюнча мыйзам кабыл алганын жазган. Ага ылайык, Россия Федерациясынын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөө үчүн жылдык келишим түзгөн чет элдиктер көп күтпөстөн жана башка бюрократиялык тоскоолдуктарсыз жарандык ала алышат.


Мамлекеттик Дума Россиянын Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү экинчи жана үчүнчү окууда кабыл алды. Алардын арасында “өз ыктыяры менен багынып берүү” (352-берене, 10 жылга чейин эркинен ажыратуу) жана “мародерлук” (356-берене, 15 жылга чейин) бар.

Кабыл алынган мыйзамга ылайык, оордотуучу жагдайлардын тизмесине «мобилизация мезгилинде же согуш убагында» кылмыш киргизилген. Мыйзамда мобилизациялык жана аскердик абал учурунда аскер бөлүгүн өз алдынча таштап кеткендерди 10 жылга чейин эркинен ажыратуу боюнча жаза каралган. Запастагы жана аскердик окууга чакырылган адамдар келбей калган же аскерден качкан учурда кылмыш жоопкерчилиги да каралган.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты креддик адистерди аныктады 2 декабрда 2022 г.    17:07
ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы 2 декабрда 2022 г.    16:11
Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы – Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди 2 декабрда 2022 г.    15:37
Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти – эң көп пенсионерлер Ош облусунда 2 декабрда 2022 г.    15:13
Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу 2 декабрда 2022 г.    12:15
Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ 2 декабрда 2022 г.    11:13
Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт 2 декабрда 2022 г.    10:14
«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды 2 декабрда 2022 г.    9:36
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют