Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти

Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы  поезд жөнөп кетти

Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан – Афганистан транспорттук коридору менен Кашкар – Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон транзиттик каттамы боюнча алгачкы поезд жөнөп кетти. Бул тууралуу “Өзбекстан темир жолдору” компаниясы билдирди.

Маалыматка таянсак, Ош темир жол станциясында расмий түрдө 40 футтук 12 контейнерден турган поезд даярдалган. Товарларды кытай тарап Кашкар шаарында даярдап, Ошко чейин автоунаалар менен жеткирилген.

Азык-түлүк, тиричилик техникасы жана чарба товарларынан турган жүк Афганистандын Мазари-Шариф станциясына жеткирилет. Поезд бул станцияга эки күндө жетиши керек.

Бул коридор боюнча өз аймагы аркылуу жүк алып өтүү үчүн Өзбекстан 70%, башка өлкөлөр 50% арзандатуу беришкен. Кашкар-Ош – Анжиян – Галаба – Хайратон темир жол маршруту менен Афганистанга 4 миңден ашык контейнер жүк жеткирүү пландалууда.

14-сентябрда Шанхай кызматташтык уюмунун Самаркандда өткөн саммитинде Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кызматташуу тууралуу макулдашууга кол коюлган.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Аламүдүн районунун айланма жолунда көмүрдүн максималдуу баасын сактоо боюнча мониторинг жүргүзүлдү 7 декабрда 2022 г.    13:46
Жалал-Абад облусунда көмүр сатуучу базаларында мониторинг жүргүзүлдү 7 декабрда 2022 г.    13:15
Доллардын курсу 85-86 сомдун деңгээлинде кармалууда – бирок акча алмаштыруу жайларында валюта жок 7 декабрда 2022 г.    12:45
ЖК депутаттары «Бишкек» эркин экономикалык аймагындагы ишканалрдын ишмердүүлүгү менен таанышты 7 декабрда 2022 г.    12:16
Мамлекеттик карызды тейлөөгө 30.6 млрд сом жумшалды – Каржы министрлиги 7 декабрда 2022 г.    11:45
Жерүй 2022-жылды ийгиликтүү аяктады – Алтын өндүрүү 30%га өстү, салык төлөмдөрү 209 миллион долларга жетти 7 декабрда 2022 г.    11:25
Тогуз айдын ичинде «Бишкек» ЭЭА аркылуу 1.7 млрд сомго инвестиция тартылган 7 декабрда 2022 г.    11:15
Салыктын катаалданышынан улам «Бишкек» ЭЭАнын резиденттеринин саны төрт эсеге кыскарды 7 декабрда 2022 г.    10:56
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют