Баткен: ок атышпоо келишимдерине карабай тажик тарап Достук айылына ок чыгарууда

Баткен: ок атышпоо келишимдерине карабай тажик тарап Достук айылына ок чыгарууда

КР УКМКнын Чек ара кызматынын маалымат кызматы, бүгүн 17-сентябрда саат 11:15ке карата Баткен районунун Достук айылын тажик тарап минометтон аткылаганын билдирди.

Тажик тарап үч минометтон айылга ок чыгарган.

КР УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусунун аймагында жайгашкан бөлүктөрү душмандын чабуулунун мизин кайтарууда.

“Ок атышпоо келишимдерине карабай тажик тарап Достук айылын аткылап жатат”, – дейт Чек ара кызматы.

Эске салсак, 16-сентябрда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча куралдуу кагылышуулар башталып, Баткен облусунун тургундарын эвакуациялоо иштери башталган. КРнын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети тажик тарап оор бронтехникаларды, көп ракеталык системаларды жана авиацияны колдонгону тууралуу маалымат берди. Кыргызстан менен Тажикстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин жетекчилери Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов саат 16:00дө ок атышууну токтотууну макулдашышкан. Бирок эки сааттан кийин Тажикстан Республикасынын чек арачылары Кыргызстан тарапка кайрадан ок чыгарышкан. Кагылышуу учурунда 24 кыргызстандык набыт болуп, 103 адам жаракат алган.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты креддик адистерди аныктады 2 декабрда 2022 г.    17:07
ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы 2 декабрда 2022 г.    16:11
Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы – Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди 2 декабрда 2022 г.    15:37
Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти – эң көп пенсионерлер Ош облусунда 2 декабрда 2022 г.    15:13
Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу 2 декабрда 2022 г.    12:15
Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ 2 декабрда 2022 г.    11:13
Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт 2 декабрда 2022 г.    10:14
«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды 2 декабрда 2022 г.    9:36
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют