Энергетика министрлиги мамлекетке 889 млн сом зыян келтирген – Бемурзаев кызматынан четтетилди

Энергетика министрлиги мамлекетке 889 млн сом зыян келтирген – Бемурзаев кызматынан четтетилди

Республиканын Башкы прокуратурасы тарабынан жүргүзүлүп жаткан пландуу текшерүүнүн жүрүшүндө Энергетика министрлигинде бир катар финансылык мыйзам бузуулар болгону аныкталган. Бул тууралуу көзөмөл органдын маалымат кызматы билдирди.

Нормативдик укуктук актылардын талаптары бузулгандыгы боюнча прокуратура органдары тарабынан 132 прокурордук чара көрүү актысы киргизилип, мамлекетке 22 млн 150 миң 218 сом өндүрүлгөн.

“Мындан тышкары, Энергетика министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн айрым кызмат адамдары тарабынан жасалган кылмыштардын негизинде 32 кылмыш иши козголуп, келтирилген зыяндын жалпы суммасы 889 млн 54 миң 197 сомду түздү”, – деп айтылат Башкы прокуратуранын берген маалыматында.

Ошондой эле текшерүүнүн жүрүшүндө Энергетика министрлигинин борбордук аппаратынын, «Улуттук энергохолдинг» ААКсынын, «Бишкек жылуулук тармагы» МИнин кызматкерлерине эмгек акыларга кошумча үстөктөрдү, иш сапар чыгымдарын мыйзамсыз төлөнгөндүгү, отун ресурстарын сатып алуулар жана башка фактылары боюнча 11 кылмыш иши козголгон.

“Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Салык кодексинин жана Конституциялык мыйзамдын талаптарын бузуу менен 2022-жылы ага жана анын жакын туугандарына таандык болгон кирешелер, чыгашалар, мүлк жана милдеттенмелер боюнча декларация тапшырган эмес. Ошондой эле, Бекмурзаев 2021-жылы Мамлекеттик салык кызматына тапшырган декларациясында атайын айрым кыймылсыз жана кыймылдуу мүлктөрүн толук көрсөткөн эмес”, – дейт көзөмөл орган.

Натыйжада, Доскул Бекмурзаев Энергетика министринин кызматынан тергөө мөөнөтүнө бошотулду. Энергетика министрлигинин жетекчисинин милдети убактылуу анын орун басары Таалайбек Ибраевге жүктөлдү.

Министр Бекмурзаев өзү эмне дейт?

Бекмурзаев ага карата кылмыш иши козголгондон кийин, өзүнүн Фейсбук баракчасында бул анын атын каралоо экенин билдирген.

“Кылмыш иштеринин экөө тең кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген негизде экен. Бирок, мунун баарын мен, менин атымды каралоо үчүн жасалган кыңыр иш деп эсептейм.

Өтө жоопкерчиликтүү бул кызматка келүү менен мен жаңы жаркын келечекке жол баштап, энергетика тармагын модернизациялоого бар күчүмдү жумшагам. Аталган секторду ирээтке келтирүүгө болгон аракетим жана андагы чоң өзгөрүүлөр көмүскөдө калып калбайт деп ишенем. Мунун баары айрым бирөөлөргө жакпагандыктан, кээде кайсы бир таасирдүү адамга бут тосуулар болуп, кээде мунун айынан бир нече адамдын же бир топтун кызыкчылыгы тебеленет тура. Мен бул жолдун татаал болорун билгем жана ою жаман адамдарды басып өтөм деп ишенем!” – дейт Бекмурзаев.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Асман» шаары, шамал жана күн электр станциялары – сауд инвесторлорго 7 долбоор сунушталды 30 ноябрда 2022 г.    17:37
Банктар акча алмаштырууда ККМ колдонууга каршы чыгышты 30 ноябрда 2022 г.    16:03
АӨБ геосаясий кризиске байланыштуу Кыргызстанга 50 млн доллар жардам берет 30 ноябрда 2022 г.    15:02
Айыл чарба министрлиги өлкөдөн жер семирткичтерди экспорттоого тыюу салууну сунуштайт 30 ноябрда 2022 г.    14:22
Кыргызстандык ишкерлер Google, Apple жана PayPal компанияларынын АКШдагы кеңселерине барып келишти 30 ноябрда 2022 г.    13:39
Бишкектен Шарм-эш-Шейхке чартердик каттам ачылды 30 ноябрда 2022 г.    12:50
Жол эрежесин бузуу үчүн айып төлөө мөөнөтү 15 күндөн 30 күнгө чейин узартылат 30 ноябрда 2022 г.    11:38
Улуттук банктын божомолу боюнча 2023-жылы 413.5 млрд сомго чейин сатып алуулар карталар аркылуу жүрөт 30 ноябрда 2022 г.    11:08
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют