Нарында жеке ишкер наркы 100 млн евролук ГЭСтин курулушун баштады

Нарында жеке ишкер наркы 100 млн евролук ГЭСтин курулушун баштады

Нарын районунун Куланак айыл аймагында, Нарын суусунун боюнда кубаттуулугу 100 мегаваттык ГЭСтин курулушу башталганын президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, “Куланак” ГЭСин куруу долбоору жеке ишкер Кутубай Мурзабаев жетектеген “Нарын” ЖЧК өндүрүштүк ишканасы тарабынан жүзөгө ашырылууда.

“Долбоорго ылайык, ГЭСтин кубаттуулугу – 100 МВт. Куруу мөөнөтү – 4 жыл. Жылына 450 млн квт/саат электр энергиясы өндүрүлөт. Курулуш жумуштары учурунда 500 адам иш менен камсыз болуп, ишкана ишке киргенден кийин 100 жумуш оруну түзүлөөрү мерчемделген. Курулуштун болжолдуу наркы 100 млн еврону түзөт”, – деп айтылат маалыматта.

«Куланак» ГЭСинин курулушуна Нарын районунун Учкун, Жан-Булак, Миң-Булак, Эмгек-Талаа, Жерге-Тал айыл аймактарынан 488.51 га жер аянты трансформацияланып берилген.

Курулуш ишинин жүрүшү тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана “Нарын” ЖЧКнын жетекчиси Кутубай Мурзабаев учурда Куланак ГЭСин куруу жумуштары башталып, курулуш жумуштарын жүргүзүү максатында электр энергиясын алуу үчүн 35/10 кВ көмөкчү чордон, 1000 кВт 2 даана трансформатор, 190 даана зым тиректер орнотулуп, жумушчулар жашап, иштеши үчүн вахталык шаарча курулганын, шаарчада курулушчулар үчүн бардык ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгилешти.

Мындан сырткары, деривациялык каналга бара турган жана каналды бойлой кеткен жолдун негизин таптоо, бетон аралашмасын даярдай турган жана шагыл майдалап, сорттоочу жабдууну коюу жумуштары жүргүзүлүүдө.

ГЭСтин курулушу райондун ирригация тармагына да пайда алып келиши күтүлүүдө. Алсак, Куланак каналын өзү агып чугуучу суу менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү болот. Учкун, Сары-Ой айыл аймактарынын жерлерин сугат суусу менен камсыздоо жакшырат.

Ошондой эле суу баскан аянттар кеңейсе ушул аймактан 22 миң га жер аянтын картошка эгүү үчүн өзбекстандыктарга ижарага берсе жана сууну текке кетирбей ири балык чарбасын куруп, киреше тапса да болору айтылды.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Баткен: ӨКМ убактылуу пунктарда жарандарды биринчи керектелүүчү азыктар менен камсыздап жатат 16 сентябрда 2022 г.    13:56
Баткен: кыргыз-тажик чек арасындагы окуядан дагы 13 киши ооруканага түштү – жалпы 31 адам 16 сентябрда 2022 г.    13:50
Спорт ордосунун имаратында Баткендин тургундары үчүн гуманитардык жардамды кабыл алуу пункту ачылды 16 сентябрда 2022 г.    13:24
Баткен облусунда эвакуацияга кайсы жолдор ачык, кайсылар жабык? 16 сентябрда 2022 г.    12:56
Баткен: КР Тажикстандын ТИМине нааразылык нотасын тапшырды 16 сентябрда 2022 г.    11:56
Улуттук банк алтын куймаларын КФБнын соода аянтында сатыкка чыгарганын расмий билдирди 16 сентябрда 2022 г.    11:21
Жыл аягына чейин Кореяга дагы 1 миңден ашык жаранды миграцияга жөнөтүү каралууда 16 сентябрда 2022 г.    10:45
Башкы прокуратура «Кумтөр Голд Компанинин» мурдагы директору Канат Курмановго издөө жарыялады 16 сентябрда 2022 г.    10:28
Все новости
НБ КР
USD 81.05
EUR 80.98
RUB 1.35
Моссовет
USD 82.32
EUR 83.22
RUB 1.38

Конвертер валют