Президент Садыр Жапаров «Кабар» мамлекеттик маалымат агенттигине чакан маек куруп, анда «Кумтөрдүн» иши жана Кыргызстандан өткөн жылы 1.1 млрд долларлык 19.2 тонна алтындын «белгисиз өлкөгө» экспорттолушу тууралуу пикирин билдирди.
Жапаровдун айтымында, алтынды жүктөп, чет өлкөгө алып кетип жатканда, коопсуздук үчүн баары жашыруун болот.
«Кайсы өлкөгө, кайсы убакта, кайсы самолёт менен алынып кетип жаткандыгы өзгөчө жашыруун. Бул элден жашырыш үчүн эмес, коопсуздукту камсыз кылыш үчүн болот. Элестеткиле, Улуттук банк бир млрд доллардын алтынын алып кетип жатса, жетчү өлкөгө жетиш үчүн канча деген өлкөлөрдүн үстүнөн учуп өтөт. Анан баланча тонна алтынды баланча өлкөгө, баланча рейс менен алып кетип жатабыз деп жар салса, албетте, жетпей калышы мүмкүн.
Мындан ары да кайсы өлкөгө алып барып сатып жатканы айтылбайт. Чет өлкөлүк банкка алып барып, дүйнөлүк биржанын баасы менен сатып келип турат. Бардык документтер жазылып, архивдерде өмүр бою сакталып калат», — дейт президент.
Ошондой эле Жапаров кенден бир грамм алтынды эч ким уурдай албай тургандыгын, ар бир пунктта беш-ондон киши актыга кол коюшарын жана баары санариптештирилип, 24 саат бою видеокөзөмөлдөр коюлганын кошумчалады.