«ЭлДан Аталык» 2 млн долларга жаңы канаттуулар фабрикасын ачты – долбоордун жарымын ОКӨФ каржылаган

«ЭлДан Аталык» 2 млн долларга жаңы канаттуулар фабрикасын ачты – долбоордун жарымын ОКӨФ каржылаган

Кыргызстанда тооктун жумурткасын өндүрүүчү жаңы ферма ишке кирди. Долбоорду Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун колдоосу менен «ЭлДан Аталык» ЖЧКсы ишке ашырууда. Бул тууралуу фонддун басма сөз кызматы билдирди.

Долбоорду ишке ашырууга ОКӨФ тарабынан 1 млн доллардан ашык каражат бөлүнүп, «ЭлДан Аталык» ЖЧКсына жумуртка туучу 80 миң тоок үчүн жаңы цех курууга жана керектүү өндүрүштүк жабдууларды сатып алууга мүмкүнчүлүк берген. Компаниянын салымы менен бирге долбоорду каржылоо 2 млн доллардан ашкан.

Учурда Кыргызстанда сатыкта жумуртканын жетишсиздиги ар кандай эсептөөлөр боюнча жылына 218ден 568 млн даанага чейин жетет. Өлкөдөгү фермалар тооктун жумурткасына болгон керектөөнүн 65%ын гана камсыздайт. Бул эсептөө керектөөнүн эң төмөнкү деңгээлинде – бир киши жылына 85 жумуртка жейт деген эсеп менен болжолдонгон. Жетишпеген көлөм импорттолуп келет.

Долбоордун алкагында 40 жаңы жумушчу орун түзүлдү. «Азыр үч цехибиз бар, күнүнө 75 миң даанага чейин жумуртка өндүрөбүз. Декабрга чейин толук көлөмгө – күнүнө 150 миң даанага жетебиз. Ал эми жылына 45 млн даана жумуртка өндүрөбүз”, – дейт “Ак Канат” фабрикасынын өндүрүштүк директору Владимир Лавринюк.

«Долбоордун ишке кириши Кыргызстандын тоок жумурткасын импорттоого болгон көз карандылыгын 10%га азайтат. Биз үчүн бул өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун чыңдоо багытындагы дагы бир ишенимдүү кадам», – деди РКДФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.

Долбоор Кыргызстанда куш багуучу кластерди өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүүгө жана адистештирилген ишканалардын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган ОКӨФ программасынын бир бөлүгү болуп саналат.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Баткендин өнүктүрүү программасын тездетип жыл сайын 1.5 млрд сомду кошумча субсидиялоо сунушталды 5 декабрда 2022 г.    17:50
Белоруссиялык ишкана менен таштандыларды кайра иштетүү жаатында меморандумга кол коюлду 5 декабрда 2022 г.    17:15
CASA-1000 долбоорунун жаңы электр чубалгысынын тирөөчтөрүн орнотуу 78% аяктады 5 декабрда 2022 г.    16:45
Коррупцияга каршы күрөштөн үч жылдын ичинде 7.8 млрд сом түшкөн 5 декабрда 2022 г.    16:15
ЭВФ Кыргызстанда бюджет тартыштыгы жана мамлекеттик карыздын өсүшүн болжолдойт 5 декабрда 2022 г.    15:45
Ислам өнүктүрүү банкы «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасына кызыкдар 5 декабрда 2022 г.    15:10
Алгачкы кыргызстандык социалдык тармакты 80 миң колдонуучу жүктөп алды 5 декабрда 2022 г.    14:40
2022-жылдын январь-октябрь айларында мамкарызды төлөөгө дээрлик 29 млрд сом жумшалды 5 декабрда 2022 г.    14:10
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют