Россиядагы кыргызстандык мигранттар мамлекеттик ипотека ала алышат

Россиядагы кыргызстандык мигранттар мамлекеттик ипотека ала алышат

Мамлекеттик ипотекалык компания менен Россиянын Свердлов облусундагы Кыргызстан жарандарынын диаспорасы (ОО «Кыргызская Диаспора Ала-Тоо (Белые Горы) – Урал») кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюшту. Бул тууралуу МИКтин басма сөз кызматы билдирди.

Бул меморандумдун негизинде тараптар «Менин үйүм 2021-2026» мамлекеттик турак-жай программасынын алкагында эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана бекемдөө, анын ичинде сыртта эмгектенип жүргөн мекендештердин турак-жай маселесин чечүү боюнча биргелешип тыгыз иш алып барууну макулдашышты. Диаспоранын МИК кура турган көп кабаттуу үйлөргө инвестиция салуу жолдору каралып жатат.

Эске сала кетсек, “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын катышуучуларын тандоо тартибине ылайык, “Жеңилдетилген ипотека” багыты боюнча ипотекалык насыя мамлекеттик органдарда жана бюджеттик уюмдарда иштеген жарандарга, ал эми «Арзан ипотека» багыты боюнча Кыргызстандын бардык жарандарына жеткиликтүү.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 81.05
EUR 80.70
RUB 1.33
Моссовет
USD 82.90
EUR 83.00
RUB 1.38

Конвертер валют