Россияда 3 айга гана миграциялык каттоо жүргүзүлөрү жөнүндө маалымат жалган – ТИМ

Россияда 3 айга гана миграциялык каттоо жүргүзүлөрү жөнүндө маалымат жалган – ТИМ

Социалдык тармактарда Россиядагы Кыргызстан жарандары 3-сентябрга чейин өлкөдөн чыгып, кайра кириши керек экендиги, андан соң үч айга гана миграциялык каттоого тургузуларын белгилеген мыйзам кабыл алынганы тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу кечээ, 16-августта, Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Ведомствонун билдирүүсү боюнча, фейктер Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин маалыматы катары тараган.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жарандарын, анын ичинде Кыргызстандын жарандарын миграциялык каттоо мурдагыдай эле, Россияга кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде, жашаган жери боюнча жана эмгек келишиминин негизинде 1 жылдык мөөнөткө жүргүзүлөт.

Ошондуктан, эгерде Кыргызстандын жарандары Россияда мыйзамдуу негизде жүргөн болсо, анда аларга 3-сентябрга чейин жана андан кийин чыгып-кирүүнүн зарылчылыгы жок.

Министрлик мекендештерди Россиянын миграциялык мыйзамдарын сактоого чакырат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 81.05
EUR 80.70
RUB 1.33
Моссовет
USD 82.90
EUR 83.00
RUB 1.38

Конвертер валют