Кореялык деңиз институтунун өкүлдөрү Тоң балык заводу менен таанышышты – аквамаданиятты өнүктүрүүгө кызыкдар

Кореялык деңиз институтунун өкүлдөрү Тоң балык заводу менен таанышышты – аквамаданиятты өнүктүрүүгө кызыкдар

Кореялык деңиз институтунун өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Тоң балык заводуна барышты. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигине караштуу Балык чарба департаментинин маалымат кызматы билдирди.

Департаменттин маалыматына таянсак, кореялыктар КРда аквамаданиятты өнүктүрүүгө кызыкдар.

“КРнын аквамаданиятын өнүктүрүүнүн Улуттук борборун” куруу үчүн иш сапар менен барышты. Инкубациялык цехти, лабораторияны, балыкты кайра иштетүүчү цехти, окуу борборун жана студенттер жашай турган жатакананы куруу планы түзүлдү”, – деп айтылат билдирүүдө.


Тоң мамлекеттик балык заводу 1965-жылы курулган. Азыркы учурда балыктын бир нече түрү өстүрүлөт. Жылына 200-250 миң форель жана 6-7 млн сига лудога балыктары өстүрүлүп, Ысык-Көл жана Соң-Көл көлдөрүнө коё берилет. Чабактар Ысык-Көлдө жана Тоң балык заводу мамлекеттик ишканасынын жасалма бассейндеринде чоңойтулат.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 81.05
EUR 80.70
RUB 1.33
Моссовет
USD 82.00
EUR 83.00
RUB 1.38

Конвертер валют