Июль айында бюджеттин чыгашасы ведомстволук классификация боюнча 20.3 млрд сомду түздү

Июль айында бюджеттин чыгашасы ведомстволук классификация боюнча 20.3 млрд сомду түздү

2022-жылдын июль айында бюджеттин чыгашалары ведомстволук классификация боюнча 20.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Анын ичинен:

  • бюджеттик мекемелердин кызматкерлеринин эмгек акысына кассалык чыгашалар – 3 481.0 млн сом
  • калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпулдарды төлөөгө – 1 362.4 млн сом
  • социалдык камсыздандыруу боюнча пособиелер – 9.1 млн сом.

Калган каражаттар республикалык бюджеттин башка артыкчылыктуу чыгашаларын каржылоого жумшалган.

Ведомстволук классификация бюджеттик каражаттардын негизги бөлүштүрүүчүлөрү болуп саналган мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана бюджеттик мекемелердин классификациясы болуп эсептелет.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 81.05
EUR 80.98
RUB 1.35
Моссовет
USD 82.50
EUR 83.30
RUB 1.38

Конвертер валют