Жыл башынан бери кыргызстандыктар Улуттук банктан дээрлик 223 кг алтын сатып алышкан. Мындай маалыматты 3-августтагы маалымат жыйынында Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди.
Ошондой эле ал 100 грамм салмактагы аффинаждалган куйманын баасы жыл башынан бери 3%га арзандап, учурда 495 миң 589.5 сомду жана кайра өткөрүү баасы 496 миң 716.5 сом түзүп жатканын айтты.
Белгилей кетсек, быйыл КР Улуттук банкы калкка алтын сатууда рекорддук көрсөткүчтөргө жетти. Президент Садыр Жапаров да буга жакшы жарнак жасап, февраль-март айларында доллардын курсу туруксуз болуп турганда кыргызстандыктарды аманаттарын алтын менен сактоого чакырган болчу.
Белгилей кетсек, Улуттук банк 1-февралдан тартып, атамекендик өндүрүштүн алтын куймаларын сатыкка чыгарып баштаган. Аффинаждалган алтын куймалары «Кыргызалтын» ААК тарабынан 10 900 граммдан 13 400 граммга чейинки салмакта даярдалган жана куйманын лигатурдук салмагынын кеминде 99.95%ын химиялык таза металл түзөт.
Кошумча окуңуз: Улуттук банк 12 кг алтын куймаларын сатып баштады. Бир куймасы канча турат?