Депозиттик эсеп накталай доллар менен толтурулса, банктар кайра берип жатканда андан комиссия алууга укугу жок – Улуттук банк

Депозиттик эсеп накталай доллар менен толтурулса, банктар кайра берип жатканда андан комиссия алууга укугу жок – Улуттук банк

Эгерде депозиттик эсеп накталай доллар менен толтурулган болсо, кардар кайра каражатын чечип жатканда банктар андан комиссия алууга укугу жок. Бул тууралуу кечээ, 8-августта Улуттук банктын банктык көзөмөл башкармалыгынын башчысы Сейтек Чалбаев маалымат жыйынында билдирди.

Ошол эле учурда, эгерде депозит накталай эмес түрдө толукталса, анда накталай акча алуу үчүн комиссия банктын тарифине ылайык алынат. Комиссия бул учурда валютаны берүү боюнча банктын кызматы үчүн төлөм болуп саналат.

Эскерте кетсек, буга чейин Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш учурда коммерциялык банктарда долларды накталай алуу үчүн комиссиянын минималдуу өлчөмү 0.4%, максималдуу өлчөмү алынган суммадан 5%ды түзөрүн билдирген.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 81.05
EUR 80.70
RUB 1.33
Моссовет
USD 83.70
EUR 84.20
RUB 1.36

Конвертер валют