«Кадастр» МИнин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

«Кадастр» МИнин кызматкери 100 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалды

Аламүдүн райондук «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери пара алууга шектелип кармалды. Бул туурасында УКМКдан кабарлашты.

Атайын кызматтын маалыматына караганда, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Аламүдүн филиалынын кызматкери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, Аламүдүн районунун аймагында жайгашкан бакча-дача тилкесине мамлекеттик актыны берүү үчүн кыргыз жараны К.П.К.дан 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган.

28-июлда УКМКга К.П.К. аттуу кыргыз жараны арыз менен кайрылып, 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын талап кылган «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкерине чара көрүүнү өтүнгөн.

“3-августта «Кадастр» мекемесинин Аламүдүн филиалынын административдик имаратында 100 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан жеринен Аламүдүн районундагы филиалынын жер кадастры жана кадастрдык изилдөө боюнча убактылуу жетектөөчү адиси Д. к Г. кармалды”, – деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

Кыска тыныгуу: тажик тарап кыргыз чек арачыларына кайрадан ок чыгарды 16 сентябрда 2022 г.    18:51
Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен сүйлөшүп, аскерлерди чыгаруу боюнча макулдашышты 16 сентябрда 2022 г.    17:51
Баткенде жаракат алгандардын саны 42 адамга жетти – 15 жаштагы кыз каза болду 16 сентябрда 2022 г.    17:39
Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашышты 16 сентябрда 2022 г.    16:18
Президенттик аппарат жана Садыр Жапаров Баткендеги согуштук аракеттерге бир суткадан бери реакция кыла элек 16 сентябрда 2022 г.    15:44
«МЭА» ААК: «Баткен» аэропорту аткылоого дуушар болгон жок 16 сентябрда 2022 г.    15:36
MegaCom Баткендин тургундарын акысыз байланыш менен камсыздайт 16 сентябрда 2022 г.    15:00
Баткенди колдоо максатында Бишкекте гуманитардык жардам чогултуу пунктары ачылды – ДАРЕКТЕРИ 16 сентябрда 2022 г.    14:52
Все новости
НБ КР
USD 81.05
EUR 80.98
RUB 1.35
Моссовет
USD 82.79
EUR 83.38
RUB 1.38

Конвертер валют