КЭР — КР — Өзбекстан темир жолунун долбоорун иштеп чыгууга Кытайдан 80 адис келди

КЭР — КР — Өзбекстан темир жолунун долбоорун иштеп чыгууга Кытайдан 80 адис келди

Кыргызстанга Кытайдан 80 адис келди. Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушунун техникалык-экономикалык негиздемесин (ТЭН) даярдоо иштери башталды. Бул тууралуу бүгүн, 5-августта Транспорт министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 4-августта Транспорт жана коммуникациялар министри Эркинбек Осоев Кытай темир жол курулуш корпорациясынын Биринчи долбоорлоо-изилдөө институтунун улук инженери Гэн Джун жетектеген өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар темир жолдорду курууда ишти күчөтүү зарылдыгын белгилешти. Тактап айтканда, учурда тараптар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашырууга көмөктөшүү боюнча активдүү иш алып барууда.

Министрлик буга чейин темир жолду куруунун ТЭНин биргелешип иштеп чыгуу боюнча келишим түзүлгөнүн билдирди.

«Кыргызстандын жетекчилиги темир жол куруу долбоорун тезирээк ишке ашырууга ынтызаар. Ошондуктан, КР Транспорт жана коммуникациялар министрлиги Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин тез арада иштеп чыгууга бардык күч-аракетин жумшоодо. Учурда Кытайдын долбоорлоо институтунан 80 адис Кыргызстанга келип, ТЭНи даярдоо боюнча иштер башталды», — деп айтылат маалыматта.

Кошумча окуңуз: Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбооруна сентябрда Самаркандда кол коюлат

Кытай эксперттери КРга келишти — Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу боюнча аймакты изилдешет

Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу курулса, КР жылына 200 млн доллар пайда көрмөк. Бирок эмнеге 30 жылдан бери курулбай келет?

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери