Кыргызстандык Sky Elevators компаниясы Россияга лифттерди экспорттой баштайт

Кыргызстандык Sky Elevators компаниясы Россияга лифттерди экспорттой баштайт

Бүгүн, 4-августта Кыргызстандын Sky Elevators компаниясы (Sky Industrial Group холдингинин курамына кирет) россиялык “МТК” компаниясы менен лифт продукциясын Россияга жеткирүү боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу компаниядан билдиришти.

Келишимге ылайык, “МТК” Россиядагы Sky Elevators компаниясынын расмий дистрибьютору болуп, жакынкы аралыкта жабдууларды ташый баштайт.

«Бул Кыргызстанда жогорку технологиялык өндүрүштү өнүктүрүү үчүн жасалган чоң кадам. Бул Кыргызстандагы биринчи диверсификацияланган заманбап, динамикалуу өнүгүп жаткан лифт жабдууларын жана ар кандай конфигурациядагы көтөрүүчү механизмдерди чыгарган завод. Анын бардык технологиясы Түштүк Корея, Кытай жана Кыргызстандын адистери менен биргеликте иштелип чыккан», – деп айтылат компаниянын маалыматында.

Sky Elevators компаниясы жүргүнчү, жүк-жүргүнчү, панорамалык жана оорукана лифттерин, курулуш, кичи жана чоң жүк көтөрүүчү лифттерди чыгарат.


Эскерте кетсек, 2-августта Кыргызстанга Татарстан менен Башкортостандан бизнес-форумга катышуу үчүн бизнес делегация келген. Алар форумдун алкагында ата мекендик ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүүдө.

Делегацияны ТР Соода-өнөр жай палатасынын төрагасы Шамил Агеев жана Башкортостандан Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов жетектеп жүрөт. РФнын бизнес өкүлдөрү кызматташуу үчүн өнөктөштөрдү табууга, байланыш түзүүгө кызыкдар жана алар 8-августка чейин Кыргызстанда болуп, жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууларды өткөрмөкчү.

Бүгүн КР Соода-өнөр жай палатасы аларга Чүй облусундагы ишканаларда көчмө жыйындарды уюштурат, андан соң делегация Ысык-Көл жана Ош облусунда жергиликтүү ишкерлер менен жолугушат.

Белгилей кетсек, делегациянын курамында курулуш материалдарын жана өнөр жай жабдууларын, эмеректердитрикотаж буюмдарын, жумушчу кийимдерди, азык-түлүк чийки затын, өсүмдүк майын өндүрүүчүлөр, ошондой эле эл аралык транспорт жана онлайн билим берүү компаниялары бар.

Кошумча окуңуз: Биринчи лифт заводун Кыргызстанда кантип ачтым – Рахат Жунушбаева менен маек

Кыргызстанда лифт жабдууларын чыгарган ата мекендик ишкана ачылды

Татарстандык бизнес делегация КРда жергиликтүү ишкерлер менен жолугушууда — азырынча 2 келишим түзүлдү

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

«Кепилдик фонду» 18 банкка сынак өткөрүп, эң мыкты креддик адистерди аныктады 2 декабрда 2022 г.    17:07
ЕРӨБ берген 12 млн доллар вагондорду сатып алууга жана бекемдөө иштерине кетет – келишимдин чоо-жайы 2 декабрда 2022 г.    16:11
Геосаясий фактор, логистика, алып-сатуу операциясы – Улуттук банк доллардын дефицитине түшүндүрмө берди 2 декабрда 2022 г.    15:37
Январь-ноябрь айларында пенсияга 52.5 млрд сом кетти – эң көп пенсионерлер Ош облусунда 2 декабрда 2022 г.    15:13
Доллардын курсу келерки жылы 83.3 сом деңгээлинде кармалат – ЕӨБдүн божомолу 2 декабрда 2022 г.    12:15
Кыргызстандын ИДПсынын өсүү темпи жыл аягында басаңдайт – ЕӨБ 2 декабрда 2022 г.    11:13
Япониянын тышкы соода уюму КРнын продукциясын экспорттоого көмөктөшөт 2 декабрда 2022 г.    10:14
«Манас» аэропортунда 1 млн сомдон ашык суммадагы баалуу металл уютундусу кармалды 2 декабрда 2022 г.    9:36
Все новости
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют