Казакстан чет элдиктер үчүн күйүүчү майды кымбаттатат – баасы 80 сомго чейин көтөрүлөт

Казакстан чет элдиктер үчүн күйүүчү майды кымбаттатат – баасы 80 сомго чейин көтөрүлөт

Казакстан күйүүчү майга жарандыгына, керектөө көлөмүнө жана транспорттун түрүнө жараша өзгөчөлөнгөн бааларды киргизет. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министри Болат Акчулаков билдиргенин казак басылмалары маалымдады.

Министрдин айтымында, дизелдик отундун литринин баасы казакстандыктарга 230-260 теңге өлчөмүндө белгиленип, жеңил унаалар үчүн суткасына 100 литр, жүк ташуучу унаалар үчүн 300 литрлик чектөө коюлат.

Резидент эместер үчүн дизелдик отундун наркын литрине 450 теңге (азыркы курс боюнча дээрлик 80 сом) деп белгилөө пландалууда.

Акчулаков интернетте өлкөгө күйүүчү май ташыганы келген унаалар көбөйүп кеткенин көрсөткөн видеолор көбөйүп кеткенин айтты. Анын айтымында, мындай унаалар казакстандык арзан күйүүчү майды ташып кетип, натыйжада, бул өлкөдө КММнын жетишсиздигин жаратууда.

Ошондой эле министр Казакстанга күнүнө 4.5 миң жүк ташуучу унаа киргенин, анын 70%ы чет элдик унаа экенин кошумчалады.


Economist.kg мурда кабарлагандай, 12-июлдан тарта Казакстан КММны автоунаа менен ташууга убактылуу чектөө киргизген. Бул тыюу атайын Кыргызстанга, ошондой эле Россияга байланыштуу экенин Казакстандын ошол эле Энергетика министри Болат Акчулаков билдирген болчу.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Бишкек — Баткен аба каттамы 7-февралдан баштап жанданат 27 января 2023 г.    17:29
«Эйр Кыргызстан» авиакомпаниясынын учактары Африкага эч качан ижарага берилген эмес — ММБФтин банкрот болгон компания тууралуу билдирүүсү 27 января 2023 г.    17:11
Кыргызстанда өткөн жылы калктын 54% азык-түлүк менен аз өлчөмдө гана камсыз болушкан 27 января 2023 г.    16:58
Кыргызстан менен Өзбекстан 25 документке кол коюшту — ичинде чек ара боюнча келишим да бар 27 января 2023 г.    16:28
Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо тарыхый окуя — Садыр Жапаров 27 января 2023 г.    15:44
Өткөн жылы мигранттар Кыргызстанга 2.7 млрд доллар которушкан — 8.8%га көп 27 января 2023 г.    15:19
Кыргызстанда немис заводдорун ачуу жана кыргызстандыктарды Германияда ишке орноштуруу маселеси Мюнхенде талкууланды 27 января 2023 г.    14:49
1.5 миң адам турак жай шылуундарынан жапа чекти — зыяндын суммасы 900 млн сомдон ашты 27 января 2023 г.    14:04
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери