Ошто коомдук транспортторго спутниктик мониторинг жүргүзгөн OSHBUS системасы киргизилди – жүргүнчүлөр каттамдарды онлайн көрүп турушат

Ошто коомдук транспортторго спутниктик мониторинг жүргүзгөн OSHBUS системасы киргизилди – жүргүнчүлөр каттамдарды онлайн көрүп турушат

Ош шаарында коомдук транспорттун бардык түрлөрүнө спутниктик мониторинг системасы киргизилди. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Кечээ, 2-августта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 45 шаардык кичи автобустук каттамдарды тейлеген транспорттук ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөргөн. Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспортко киргизилген спутниктик мониторинг системасынын бет ачары болду.

“Бул системанын негизги максаты – шаардыктарга жана шаар конокторуна коомдук транспорт кызматтарын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын ишин көзөмөлдөө. Ар бир жүргүнчү OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу өз сапарын пландай алат, анда бардык каттамдар жана кыймылдар онлайн көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, система жеке каттамдарды да, токтоо пункттарын да издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ”, – деп баса белгиледи мэр.

Кошумчалай кетсек, бул система коомдук транспорттун ишин уюштуруучу тиешелүү кызматтарга кичи автобустардын тейлөөсүнө жана сандык абалына күн сайын мониторинг жүргүзүүгө шарт түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин Bus Service GPS-көзөмөл системасы муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга ийгиликтүү киргизилген.

Поделиться в соцсетях:

Последние новости

УКМК: чек арадагы чыр-чатакты жөнгө салуу боюнча комиссиянын иши уланууда 16 сентябрда 2022 г.    19:31
Бүгүн Бажы органдарына салтанаттуу түрдө автоунаалар тапшырылды 16 сентябрда 2022 г.    19:22
Жогорку Кеңеш Бишкек жана Ош шаарларында атайын штаб түзөт 16 сентябрда 2022 г.    19:06
Кыска тыныгуу: тажик тарап кыргыз чек арачыларына кайрадан ок чыгарды 16 сентябрда 2022 г.    18:51
Садыр Жапаров Тажикстандын президенти менен сүйлөшүп, аскерлерди чыгаруу боюнча макулдашышты 16 сентябрда 2022 г.    17:51
Баткенде жаракат алгандардын саны 42 адамга жетти – 15 жаштагы кыз каза болду 16 сентябрда 2022 г.    17:39
Кыргызстандын жана Тажикстандын УКМК башчылары ок атууну токтотуу жөнүндө макулдашышты 16 сентябрда 2022 г.    16:18
Президенттик аппарат жана Садыр Жапаров Баткендеги согуштук аракеттерге бир суткадан бери реакция кыла элек 16 сентябрда 2022 г.    15:44
Все новости
НБ КР
USD 81.05
EUR 80.98
RUB 1.35
Моссовет
USD 82.59
EUR 83.31
RUB 1.38

Конвертер валют