Быйыл айыл-чарба продукциясынын экспортунун негизги көлөмүн жашылчалар түздү – эң көп сабиз кетти

Быйыл айыл-чарба  продукциясынын экспортунун негизги көлөмүн жашылчалар түздү – эң көп сабиз кетти

2022-жылдын 6 айынын жыйынтыгы боюнча КРнын карантинге алынган продукциянын экспортунун негизги көлөмүн жашылчалар түздү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.

Жашылчалар Кыргызстандын Чүй, Ысык-Көл, Ош, Баткен, Талас, областарынан ЕАЭБ жана 3-чү өлкөлөргө экспорттолгон.

Жашылчалардын экспорту – 79 миң 370 тоннаны (2021-жылы ушул мезгилде – 139 миң 999 тонна) түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 60 миң тоннага аз экспорттолгон. Жашылчалардын ичинен эң көп экспорттолгону сабиз болду.

Ал Чүй облусунан Россия, Казакстан, Белоруссия өлкөлөрүнө экспорттолду. Ошондой эле капуста, пияз, болгар калемпири, томат Россия жана Казакстан өлкөлөрүнө көбүрөөк экспорттолгон.

Үстүбүздөгү жылдын алты айына карата ата мекендик айыл чарба продукциясынын экспорту – 279 миң 323 тоннаны (2021-жылы ушул мезгилде 276 миң 225 тонна болгон) түзгөн. 2022-жылы, 2021-жылга 6 айга карата салыштырмалуу 3 миң тоннага көп экспорттолгон.

Поделиться в соцсетях:

НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40

Конвертер валют