Президент Садыр Жапаров 30-июлда, Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен жолугуу учурунда Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун талкуулады.
Президент өлкө үчүн маанилүү улуттук долбоор болгон Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу долбоорун ишке ашыруу маселесине көңүл бурду.
Жапаров тиешелүү документке сентябрда Самаркандда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун саммитинде кол коюуну сунуштады.
Мамлекет башчысы Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак, бир жол» демилгесине маанилүү кошумча болот деген оюн билдирди. Ал буга чейин кытайлык адистер Кыргызстанга келип, жер-жерлерде изилдөө иштерин баштаганына ыраазычылыгын билдирди.
Өз кезегинде Ван И Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан долбоорун ишке ашыруу маселеси боюнча Кытай тарап үч тараптын катышуусунда техникалык-экономикалык негиздеме жүргүзүүгө макул болгондугун белгиледи.
«Ошентип, бул долбоорду ишке ашыруу процесси башталып жатат. Кыргыз жана өзбек тараптын каалоосун эске алуу менен биз сентябрда Самаркандда өтө турган саммитте бул долбоор боюнча үч тараптуу документти түзүү мүмкүнчүлүгүн изилдөөгө даярбыз», — деди Жапаров.