Шаардыктардан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын ишине байланыштуу көптөгөн арыз жана даттануулардан улам борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров ишкананын директору Султан Алыбаевди кызматтан кетирди. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Ошондой эле катуу таштандыларды өз убагында чыгаруу маселеси боюнча шаардыктар тарабынан канааттандырарлык эмес иш жүргүзгөндүгү үчүн «Тазалык» ишканасынын директорунун орун басары да кызматынан бошотулган.
Ишкананын жаңы директору болуп Нурлан Касымов, орун басары болуп Марат Алдашкуров дайындалды.
Шаардагы таштандылардан тез-тез арылуу үчүн муниципалитет тарабынан жеке компанияга тиешелүү 16 атайын унаа тартылган.
Ошондой эле мэрия катуу калдыктарды чыгаруу системасын эффективдүү башкаруу үчүн Биринчи Май жана Свердлов райондорун аутсорсингге берүү мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирди.
«Урматтуу жарандар! Кечке чейин бардык таштандылар чыгарылып, санитардык полигонго ташылат. Ошондой эле жашоочуларга катуу тиричилик таштандыларын чыгаруу боюнча кызмат көрсөтүүлөр үчүн акыны убагында төлөө зарылдыгын эскертебиз», — дейт Бишкек мэриясы.