КР менен Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) ортосунда Ош облусунда ирригацияны жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча 17.87 млн евро суммасындагы жаңы макулдашууга кол коюлду. Бул тууралуу минкабдын маалымат кызматы билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугуна болгон жумушчу сапарынын алкагында ЕРӨБдүн президенти Одиль Рено-Бассо менен жолугушту.
Одил Рено-Бассо өз кезегинде кыргыз делегациясына ЕРӨБдүн форумуна катышкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, акыркы жылдары каржы институту Борбордук Азия өлкөлөрүнө, анын ичинде КРга өнүгүүнүн негизги багыттары боюнча жардам көрсөтүп келгендигин белгиледи.
«Учурда Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы өлкөлөрдүн жашыл экономикага өтүү жана көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүү боюнча стратегиясын жактайт. Биздин инвестициялык долбоорлордун жарымы учурда «жашыл» багытта болуп саналат жана бул дагы бекемделип, кеңейтилет», — деди Одиль Рено-Бассо.
Жолугушуунун жыйынтыгында КР менен ЕРӨБ ортосунда Ош облусунда ирригацияны жакшыртуу боюнча долбоорду ишке ашыруу боюнча 17.87 млн евро суммасындагы жаңы макулдашууга кол коюлду.
Бул долбоорго ылайык, ирригациялык система модернизацияланып, Ош облусунун Араван районунун фермердик жана дыйкан чарбаларын сугат суу менен камсыздоо жакшырат.
Келишимге кыргыз тараптан – финансы министри Алмаз Бакетаев, ЕРӨБдүн аймактык директор Жужанна Харгитаи кол койду.