Кыргызстан Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) берип жаткан 17.8 млн еврону Ош облусундагы Араван — Ак-Буура каналын реконструкциялоо жана модернизациялоого жумшайт. Бул тууралуу Финансы министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, буга чейин «Ош облусунун ирригациялык системаларын калыбына келтирүүгө» бөлүнгөн каражат кайсы объекттерге жумшалары тууралуу так маалымат берилген эмес болчу.
Финансы министрлиги 17.8 млн евронун 14.1 млн евросу насыя, ал эми 3.7 млн евросу гранттык каражат экенин билдирди.
Кошумча окуңуз: ЕРӨБ Ош облусунда ирригацияны жакшыртууга 17.8 млн евро берет.