Кыргызстанда 300 млн долларга метан куюучу станцияларды куруу пландалууда

Кыргызстанда 300 млн долларга метан куюучу станцияларды куруу пландалууда

Кыргызстанда метан газын куюучу жайлардын инфраструктурасын түзүүгө 300 млн доллардык инвестиция салуу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын Инвестициялык агенттиктин басма сөз кызматы билдирди.

Бул долбоор агенттиктин директорунун орун басары Нуржан Бардиновдун Carousel Bio Energy компаниясынын негиздөөчүсү Жафар Хилали менен жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда табигый метан газын куюучу станцияларды куруу, ошондой эле транспортко газ баллондук жабдууларды орнотуу, мотор майын өндүрүү боюнча тиешелүү инфраструктураны өнүктүрүү боюнча инвестициялык долбоорду ишке ашыруу маселеси талкууланды, деп белгиледи агенттик.

Бул долбоорду ишке ашыруу – айдоочулардын күйүүчү майга кеткен чыгымдарын азайтып, экологияны сактоого оң таасирин тийгизет. Долбоордун алдын ала баасы 300 млн долларды түзөт.

Carousel Bio Energy сайтында бул Лондондо жайгашкан таза энергия менен соода кылуучу компания экени айтылат. «Дүйнө айлана-чөйрөгө көбүрөөк кам көрө баштады, биз да альтернативдик энергия булактарын камсыз кылуу менен, казылып алынчу отундарды колдонууну азайтууга жардам бергибиз келет», – деп белгилейт компания.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Быйыл Улуу Британияга 2 миң кыргызстандык сезондук жумуштарга барышат 1 февраля 2023 г.    17:45
Бишкекте адамдарды жүздөрүнөн тааный турган видеокамералар орнотула баштады 1 февраля 2023 г.    16:47
«Газпром Кыргызстан»: ким кимге канча карыз? 1 февраля 2023 г.    16:02
ОКӨФ жалпы кубаттуулугу 12.5 мегаватт болгон 3 ЭКЖБ долбоорун каржылайт 1 февраля 2023 г.    15:01
«Белес»: Биз Бишкек мэриясынын автобустарды алуу тендерин аткарууга даяр болчубуз 1 февраля 2023 г.    13:47
Нарындыктар лыжа туризмин өнүктүрүүгө кызыкдар — Швейцариялык туристтердин биринчи тобу келди (сүрөт, видео) 1 февраля 2023 г.    11:53
Кореялык Interact компаниясынын адистери ӨКМдин өрт өчүрүүчүлөрүнө тренингдерди өтөт 1 февраля 2023 г.    11:27
Эрбол Султанбаев мэрия эмнеге ата мекендик «Белести» эмес, кытай автобусун алганын айтты 1 февраля 2023 г.    11:02
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери