Төрт айда керектөө баалары 7.1%га кымбаттады – эң көп Нарында көтөрүлдү

Төрт айда керектөө баалары 7.1%га кымбаттады – эң көп Нарында көтөрүлдү

Үстүбүздөгү жылдын январь-апрелинде (өткөн жылдын декабрь айына салыштырмалуу) жалпы республика боюнча керектөө баалары 7.1%га өстү. Эң көп жаңы чыккан жашылчалардын баасы жогорулаган (30%). Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет берди.

Тамак-аш азыктарынын жана алкоголдуу ичимдиктердин, ошондой эле алкоголсуз суусундуктардын жана тамекинин баасы 9.8%га, азык-түлүк эмес товарлар 4.2%га, калкка кызмат көрсөтүүнүн тарифтери 2.4%га өскөнү байкалды.

Жаңы чыккан жашылчалардын баалары (+29.8%), кант (+22.9%), сүт азыктары (+16.5%), ун (+14.9%), сыр (+11.8%), ошондой эле макарон жана башка дан азыктарынын баалары жогорулаган.

Республика боюнча бардык жерде баалар кымбаттаган. Бирок башка региондорго салыштырганда эң чоң пайыздык көрсөткүч (8.2%) Нарын облусунда катталган. Улутстатком мунун себебин башка аймактарга караганда алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге болгон баанын өсүшү (17.8%га) менен түшүндүрдү.

Жылдык инфляция (2021-жылдын апрелинен 2022-жылдын апрелине чейин) 14.5%ды түздү.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Улуттук энергохолдинг быйыл жоюлат — Энергетика министри 24 января 2023 г.    17:59
Казакстандыктарга Европага визасыз кирүү каралууда — бийлиги сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат 24 января 2023 г.    17:23
Ысык-Көлдө 13 айыл пилоттук режимде беш ирилештирилген айыл аймагына киргизилет 24 января 2023 г.    17:05
Эмгек министрлиги Москвадагы кыргызстандык жаранга 1.6 млн рубль айлык маянасын алууга жардамдашты 24 января 2023 г.    16:25
Швейцария КРга климаттын өзгөрүүсүнө туруктуулукту жогорулатуу үчүн 9 млн доллар каражат берет 24 января 2023 г.    15:44
Салык кызматы быйыл 248 млрд сом чогултууну пландап жатат 24 января 2023 г.    14:58
Ушул күндөрдө «Манас» аэропортунан кайсы шаар, өлкөлөргө учуп кетсе болот? — тизмеси 24 января 2023 г.    13:40
Венгрияга жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташуу боюнча макулдашуу ратификацияланды 24 января 2023 г.    13:22
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери