Мамфинкөзөмөл турак-жайды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамды аткарбагандыгы үчүн айып пул киргизүүнү сунуштоодо. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Негиздемеде өрт жана табигый кырсыктар болгон учурда компенсация бюджеттик каражаттардын эсебинен эмес, камсыздандыруунун эсебинен жүргүзүлөрү белгиленген. Мындай чечим, демилгеге ылайык, камсыздандыруу компанияларынын финансылык туруктуулугун чыңдоого жардам берет.
«Учурда камсыздандыруучу компаниялар мыйзамдардын талаптагыдай аткарылбагандыгы үчүн административдик чаралар көрүлбөгөндүгүнөн, талаптарды этибарга албай, аткарбай жатышат. Турак-жайды милдеттүү камсыздандырууну ишке ашырууну күчөтүү зарыл», — деп айтылат документте.
Мыйзам аткарылбагандыгы үчүн айып пул салуу сунушталууда:
- айыл жеринде – 600 сом
- шаарларда – 1.2 миң сом
Айыптар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан салынат, ал эми каражатты жергиликтүү жана мамлекеттик бюджетке жөнөтүү пландалууда.