«Демир Кыргыз Интернэшнл Банк» ЖАК менен «Кайыңды-Кант» кант заводу 3.5 млн долларга кезектеги банктык кредит келишимине кол коюшту. Бул тууралуу маалымат Кыргыз фондулук биржасынын (КФБ) сайтында жарыяланды.
Бул келишимге ушул жылдын 10-майында кол коюлган жана анын мөөнөтү 6 ай. Насыянын үстөк пайызы жылына 7.5%ды түзөт.
Эске салсак, «Кайыңды-Кант» быйыл жыл башында «Демир Банктан» 2 млн доллар өлчөмүндө насыя алган болчу.