Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанда чет элдиктер үчүн казино ачууну караган «КРдагы оюн-зоок ишмердүүлүгү жөнүндө» мыйзам долбоорун биринчи окууда жактырды.
Белгилей кетсек, казино ачууну министрлер кабинети демилгелеген болчу. Бийлик казино ачууну жактаган негизги жүйөө катары бюджеттин кирешесинин көбөйүшүн айтып келет.
Мамлекеттик Финансылык көзөмөл органынын төрагасы Улан Сарбанов ЖКда белгилегендей, оюн-зоок жайларына 21 жаштан жогорку чет элдик жарандар гана кире алат. Кыргызстандыктар үчүн казинодо ойноого твыюу салынат, бирок оюн-зоок жайлары жарандарга кошумча жумуш орундарын бермекчи.
Айрым депутаттар казинонун ачылышына каршы чыгышты. Динара Ашимова Кыргызстандын жарандарына казинодо ойноого тыюу салуу механизмин көзөмөлдөө кыйын болоорун билдирди.