Кыргызстанда 3000ге жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт

Кыргызстанда 3000ге жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары  Бакыт Төрөбаев бизнес-ассоциациялардын жана бизнес өкүлдөрү менен жолугушуу өткөргөнүн кабинеттин маалымат кызматы кабарлады.

Жолугушууда Төрөбаев өлкөнүн өнүгүүсүндөгү бизнестин маанилүү ролун белгиледи.

«Бизнес – өлкөбүздүн экономикасын өнүктүрүүдөгү локомотив болуп саналат. Кыргызстанда 2896га жакын ишкер бюджетке салыктык түшүүлөрдүн негизги бөлүгүн камсыздайт. Өлкөбүздүн өнүгүшүнө ишкерлердин көлөмдүү салымы бар жана өлкө жетекчилиги муну жакшы түшүнөт.

Буга байланыштуу үстүбүздөгү жылдын июнь айында ишкерлер менен чоң жыйын өткөрүү сунушталууда. Биз бизнес менен биргеликте форум ийгиликтүү жана жемиштүү өтүшү үчүн жолугушуунун форматын талкуулагыбыз келет», – деди Бакыт Төрөбаев.  

Бизнес-ассоциациялар мамлекеттик органдар менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүнө кошумча түрткү бере турган бир катар сунуштарды киргизди. Ошондой эле кеңешме алкагында бизнес-форумду уюштуруу жана аны өткөрүү маселелери талкууланды.

Социалдык тармактардан бөлүшүү

АКЫРКЫ ЖАҢЫЛЫКТАР
Мальдив аралдары менен Араб Эмираттары — дагы кайсы өлкөлөр кыргызстандыктар үчүн виза режимин жокко чыгарат? 2 февраля 2023 г.    17:49
Мамлекет өзүнө тиешелүү болгон «Каприз» пансионатындагы 28% акциясын сатат — 1 тыйын дивиденд алган эмес 2 февраля 2023 г.    16:49
ММБФ мамлекетке таандык «Керемет банктын» 7% акциясын Улуттук банкка сатууну пландап жатат 2 февраля 2023 г.    16:26
Соцфонд каражаттарын баалуу металлдарга, кагаздарга инвестициялоону көздөөдө 2 февраля 2023 г.    16:04
Ага Хан фонду KICB банкынын дагы 6% акциясына ээ болду 2 февраля 2023 г.    14:03
Тоскоолдуктарга карабастан быйыл республикалык бюджет 503 млрд сомго толот — минкаб 2 февраля 2023 г.    13:43
Баткенге ыктыярдуу чогулган акчадан 188 млн сом калды 2 февраля 2023 г.    12:02
Салык кызматы январь айында 17.8 млрд сом салык чогултту 2 февраля 2023 г.    11:45
БАРДЫК ЖАҢЫЛЫКТАР
НБ КР
USD 84.41
EUR 86.57
RUB 1.39
Моссовет
USD 85.09
EUR 88.06
RUB 1.40
Валюта Конвертери