Үстүбүздөгү жылдын 6-апрелинде Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда кош салык салууну, ошондой эле кирешеге жана капиталдын өсүшүнө карата салыктарды төлөөдөн качууну болтурбоо жөнүндө макулдашуу күчүнө кирди. Бул тууралуу Улуу Британиянын Бишкектеги элчилиги билдирди.
«Келишим түз чет элдик инвестицияларды тартууга, салык төлөөдөн качууну азайтууга жана эки башка өлкөдө бизнестин укуктарын кош салык салуудан коргоого жардам берет. Бул келишимдин негизинде тараптар маалыматтар менен да алмаша алышат», – деп кошумчалады элчилик.
Кош салык салууну болтурбоо боюнча келишим мындан беш жыл мурда кол коюлган жана бул аралыкта аны кабыл алуу боюнча бардык процедуралык даярдыктар көрүлгөн.